Мээргүл Каримова, ырчы: “Атактуу болуунун артында көп түйшүк бар…”

“Чыгармачылыкка белгилүү себептер менен бир аз кечирээк аралашканым менен эч качан өкүнбөйм” – дейт каарманым Мээргүл Каримова. Өнөр канчалык катсаң да ташты жарып чыгат деген сөздүн төгүн жерден айтылбаганын Мээргүл айым далилдеп келет. Өзү теңдүү өнөрпоздордон кем калбай ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн ырчы айым менен баарлаштык.

– Мээргүл айым, чыгармачылыкка кечирээк аралашып калдым деп өкүнгөн күндөрүңүз болду беле?

– Ооба, бир убакта турмушта өз ордумду таппай кыйналган учурда жаштыгымдын күлгүн курагын текке кетирип, чыгармачылык менен алектенбей калганыма өкүндүм. Ошентсе да көөдөнүңдө эргүү болсо өнөр жолуна бут койгонго эч убакта кеч эмес деп эсептейм. Өзүмдүн убактымдан бир аз кечигип аралашсам да өкүнүү учурда дээрлик жокко эсе. Ушул күндөрүмө да Кудайга шүгүр келтирем.

– Өнөр жолунда аял затына оорураак болот дешет, кошуласызбы?

– Ооба кошулам. Аял бир эле убакта эне, үй кожейкеси болгондуктан чыгармачылык менен үзгүлтүксүз алектене албай калат. Маселен гастролго же ишке кетсе үй оокаты, балдары калат, барбай койсо чыгармачылыгы калат дегендей. Анын үстүнө чыгармачылыкка толук сүңгүп кирүү үчүн кенен каражат талап кылынат. Кудайга шүгүр, ал жагынан менде маселе оор эмес. Өнөрдөн сырткары башка тармактан каржы кирип, үй-бүлөм эч нерседен кем болбогондугуна байланыштуу чыгармачылыкка толук аралашууга менде мүмкүнчүлүк болууда. Ырчылык эч качан күнүмдүк турмушка тоскоол болбойт деп ойлойм. Жөнөкөй эле мисал айта кетейин, ырдап жүрүп үй оокаттарын ылдам, жакшы маанайда бүтүрөсүң, бир жакка барсаң элдин маанайын көтөрүп кайтасың дегендей.

– Демек атактуулукка ылдамыраак жетиш үчүн каражат (акча) негизги курал экенин танбайсыз?

– Туура, танбайм. Санап айтып бере турган болсом, биринчи эле ырга аранжировка жаздырасың. Аны эң эле арзан дегенде 100 долларга жазышат. Аспаптардын коштоосуна өзүнчө төлөйсүң. Ар бир аспапка 2000 сомдон кем эмес акча керек. Ага үн кошулат. Үн кошкон деле ар ким ар кандай кошот. Ыр ушундай жол менен жазылып бүтөт. Ыр даяр болгондо теледен кетирүү үчүн сөзсүз клип тарттырышың керек. Клиптин даяр болушу өзүнчө машакат. Бир ырдын клибине 3 же 4 мүнөттүк ырга 4-5 көйнөк киесиң, макияж, чач жасалгасы жана башка нерселерин айтпаганда ырдын маанисине жараша ар кандай чыгымдары бар. Клиптин тартылышы 500 доллардан 1000 долларга чейин болот. Азыр ырчылар көп болгондуктан радиолордо коммерциялык бөлүмдөр ачылып, ар ким ар кандай баада кабыл алышат. Ал эми жеке концерт берем десең 350 миңден жогору каражат кетет. Атактуулукка жетишүү үчүн ушундай каражаттардан сырткары үнүң менен ырдын мааниси да, талантың да чоң ролду ойнойт. Анан кантип каражатсыз эле атактуу болот деген ойго кошуласың?

– Жеке концерт берүү планыңызда барбы?

– Буюрса 2020-жылы берем деген планым бар.

– Сизди чыгармачыл чөйрөгө аралаштырган эң алгачкы ак жолтой чыгармаңыз кандай аталат? Эң алгачкы өнөр жолуна койгон кадамыңыз эсиңиздеби?

– 2011-жылы Ысык-Ата курортунда эс алууга барганда кечкисин эс алуучулар өздөрү ырдап көңүл ачып, концерт коюшат экен. Мен да аралашып көрүп калдым. Эл ырдаса менин да ырдагым келип ырдап койдум. Элдин баары кол чаап колдошкон. Эртеси тамактануу жайында Аскер байке: «Чоң кыз керемет, сонун ырдайт экенсиң. Каякта иштейсиң? Эмнеге сени эл билбейт?» – деп сурап калды. “Бишкекке барганда мен сени бирөөлөр менен тааныштырам” – деп телефонумду алып калды. Ага чейин көп эле адамдар ырдаган ырларымды угуп, ар кандай комментарийлерди айтып, жардам беребиз деп эле сөздөрү жоопсуз калчу. Ошолордун бир катары кабыл алдым. Эс алуу бүтүп Бишкекте жүрсөм бир бейтааныш адам чалат. Баягы Аскер байке айткан сөзүнө туруп, мени бир жакшы инсандар менен чай үстүндө тааныштырып калды. Ошентип чыгармачыл чөйрөгө аралаштырганда эң алгачкы ак жолтой чыгарма бул “Ошондой сүйүү бар болсо” деген ыр болду. Бул ырдын авторлошу тууралуу айта кетейин. Сөзү Сейит Жетимишев, обонун Турганбай Мол-огазиев жазган. Ырга клип да тартылган. Учурдан пайдаланып ошол Аскер деген байкеге ыраазычылыгымды билдирип, өмүрлүү, бактылуу болуусун тилеп кетем. Булактын көзүн ачсаң Кудай сага эки эсе жакшылык берет деген кеп бар эмеспи, менин ачылбай жүргөн талантыма түрткү берген адамга Кудайым жакшылыгын эки эселеп берүүсүн тилейм.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *