Мегаком чыры: Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып… асфальттын астында кала турган акча…

Көп адамдар Мегакомдун сатылуусу жөнүндө менин оюмду сурашат. Акыркы 4 жыл абакта отургандыктан, менде кеңири, ар тараптуу маалымат жок. Ошондуктан, менин пикирим жеке тажрыйбама, билимиме, массалык маалымат каражаттарына чыккан ачык маалыматка жана өзүм күбө болгон окуяларга таянат.
Мегакомдун сатылышын бийлик «иш начар, азыр сатпасак кийин таптакыр наркы чыкпай калат, мамлекет ишкананы башкара албайт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам Мегакомдун иштөөсүнө  тоскоолдук кылууда» деп негиздөөдө. Талдап көрөлү.
Азат Базаркулов Мегакомдун бүгүнкү жетекчиси, телеком­муникация тармагында адис эмес, экономика же бизнес тармагында жетишкендиктери менен мурда байкалган эмес. Бирок, эмнегедир 2010-жылы ал Мегакомго сырттан башкаруучу болуп дайындалат. Сырттан башкаруучу деген эмне? Убактылуу өкмөттүн  декрети­не ылайык, улутташтырылган ишканаларда мамлекеттин кызыкчылыгын көзөмөлдөө үчүн сырттан башкаруучулар дайындалат. Алардын (сырттан башкаруучунун) колу коюлмайын, бир дагы документ мый­зам күчүнө кирбейт. Башкача айтканда, директор ким болбосун, сырттан башкаруучунун макулдугу жок бир дагы келишим же бир дагы акча которуу ишке ашырылбайт. Сырттан башкаруучу ишканага толук көзөмөл кылынат.
2012-жылы Азамат Мурзалиев камакка алынгандан ки­йин Азат Базаркулов Мега­комго башкы директор болуп дайындалат да, сырттан баш­каруучу кызматын жоюп са­лат. Мына бир канча жылдан бери бийлик Мегакомдун иши жылдан-жылга начарлап баратканын айтып келет. Бирок, дареметсиз жетекчи А.Базаркуловду иштен алуу оюна да келбейт. Бул эмнеликтен? Эми карагылачы, мыйзам боюнча мамалекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) ачык конкурс өткөрүп, кадрлар резервин түзүш керек. Конкурс өткөрүлөт. Өздөрүн жакшы көрсөткөн  кесипкей талапкерлер мамлекет­тик ишканаларга жетекчи бо­луп дайындалат. Бул иш ачык- айкын жүргүзүлөт. Бирок, Мегакомдон башкаларда. ММБФ Мегаком боюнча дайыма көмүскө иш алып барат. Жалпы эрежеден сырткары өзгөчө мамиленин сыры эмнеде?
Жарыяланган статистикага ылайык, Билайнга салыштырмалуу Мегакомдун дүң кирешеси көбүрөөк  болгону ме­нен таза кирешеси аз. Логика боюнча, сатуулар канчалык көп болсо, пайда да ошончолук көп болуш керек. Мегакомдо тескерисинче. Бирок, ММБФти мындай нерсе тынчсыздандырбайт. Мыйзамга ылайык, мын­дай учурларда ММБФ эсептөө палатасына кайрылып, эффективдүүлүк аудитин өткөрүшү керек. Ошондой текшерүүдөн эмне үчүн чыгашалар көбөйүп кеткендиги аныкталмак. Бирок, ММБФ мындай текшерүүгө  демилгечи болбой эле. Эмнеликтен? Азат Базаркулов менен биринчи жолу таанышканым эсимде. 2010-жылдын дүрбөлөңдүү айлары. Тааныштар адис катары уюлдук байланыш боюнча кеңеш сурашты. Ошондо Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып, уюлдук байланыш кантип иштээрин түшүндурүп берүүмдү  суранды. Бул татаал нерсе, анын негизин түшүнүү үчүн 5 жыл окуш керектигин айттым. Болбоду. Ошондо бир баракка жалпы топологияны тарта баштадым. MSG, BSC,
BTS, интерконнект, биллинг… Албетте, 15 мүнөттүк  экспресс сабактан эч майнап чыкпайт. Ошондо Азат бир гана суроо берди: «Мегакомдо акча кайда?» деп. Эми мен Мегакомдун ишин ичинен билбейм, андыктан, акча кайда экенин айта албайм. Ошону менен сөз бүттү.
«Ата мекен» партиясынын реакциясын утурлап: Мен өз кулагым менен укканыма гана күбөмүн. Олег Панкратовдун айтуусу боюнча мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам Ме­гакомдун иштөөсүнө тоскоол­дук кылат имиш. Ошондуктан, «Мегакомду сатуу керек» дейт. Менде мындай суроо туулат: Эмнеликтен ал мыйзам Мега­комдун гана ишине тоскоол­дук кылат? Башка ишкана­ларга тоскоолдук кылбайбы? А эгер мыйзам начар болсо, анда экономика министрлиги ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрсө, ан­да түшүнүктүү болот эле. «Ии, мына, бизнес чөйрөсүндө  кызматты жакшыртуу аракетин көрүп жатат» демекпиз. Ал эми буларда мыйзам жаман, ошондуктан, Мегакомду сатып керек. Түшүнүксүз. О.Панк­ратовдун ой-түпкүрүндө эмне бар болду экен? Бизде кимдер көп? «Серепчилер» көп. Билсе-билбесе да сереп салып, сыналгыга чыга калат. Ошон­дой «серепчилер» үн трафиги азайды, азыр интернет, ботсап (whatsapp) тараган, уюл­дук операторлорго кыйын бо­лот, ошондуктан, «Мегакомду азыр сатуу негиздүү, бул туура иш» дешет. Эгерде чындап эле ушундай болсо, анда бүт өлкөлөрдөгү уюлдук операторлор сатыкка коюлмак. Андай эч нерсе байкалбайт го? Андан көрө ошол «серепчилер» бүгүнкү жетекчиликте техно­логия, инновация дегенди түшүнгөндөр жок, ошондуктан, алар Мегакомду иштете алышпайт, иштете албаган соң сатууга аргасыз десе туура болмок. Чындыгында эле, бүгүнкү биллинг… Албетте, 15 мүнөттүк экспресс сабактан эч майнап чыкпайт. Ошондо Азат бир гана суроо берди: «Мегакомдо акча кайда?» деп. Эми мен Мегакомдун ишин ичинен билбейм, андыктан, акча кайда экенин айта бийликте гаджетти толук кандуу түшүнүп, колдонгон адамды тапкылачы? Инновация де­ген эмне экенин билбегендер кантип биздин өлкөнү инновациялык өнүгүү жолу менен жетектей алсын? Алтынчы айфон чөнтөгүндө бар болсо эле, «а-а бул техниканы билет экен» деп ойлобогула, көөдөнү жоктугунан алып жүрөт, эл көзүнө кыйын көрүнүү үчүн  Аны алтын саат же шакек сыяктуу эле өзүнүн байлык, мансабын көрсөтүү үчүн алып алган. Кеп технологиянын өзгөрүшүндө эмес, жетекчилердин акыл тайкысында. Мына 2012-жылы бизди камакка алганда, АКСтин ошондогу жетекчиси Бектен Сыдыгалиев сыналгыдан түшпөй калган. «Корруп­ция, коррупция» деп эле бир таблицаларды көрсөтөт, анын маанисин  өзү да билбейт, журналисттери да билбейт, армагедон өзүнчө  эле. Ошондо эл ишенип алган эле. Беш жылга кетти, мен эмес, менден кыйындардын далайына өкүм чыкгы. Илээше турган бир нерсеси болсо, эмдигече кечип жиберишмек эле. Эч нерсе жогунан  жок жөн эле кармап отурушат.
Ошондо президент Атамбаев интервью берди эле: «Абеков коррупционер, ал түрмөдө отуруш керек» деп. Мамлекет­тик репрессиялык аппарат бул сөздү буйрук катары кабыл алды. Сөзгө тартып, түшүндүрөюн десен эле: «Баарын билип турам, бирок, «биринчинин» жеке көзөмөлүндө, башымды алып салат» дешет. Эске салсак, 37-жылдары ушул эле чекисттер «биринчинин» көзөмөлүндөгү буйрук» деп туруп, Иса Ахунбаевди 2 жыл камаш- кан (кийин өздөрү  барып ошол кишинин колунан дартынан айыгышкан), Сергей Королев 5 жыл ГУЛАГда өткөргөн (кийин ал киши космоско биринчи ракетаны учурган), Аалы Токомбаев, Кожомкул баатыр… Де­геле койчу, баш көтөргндөрдун  баары… Ошол жылдардын тарыхынан эмнени билгим ке­лет? Касым Тыныстановдун, Төрөкул Айтматовдун, башкалардын атылып салынышынын чыныгы себеби эмнеде? Заман өзгөрдү, демократия, акыйкаттык… Контора болсо баягы эле контора. Жүрөгү менен чыны­гы чекист бирөө болсо, жанында отузу мансап кууп келген.
2011-жылы эстесеңер, А.Силич Мегакомдун кеңсесин бир суткага жакын убакыт басып алган. Ошондо А.Силичти кош- топ башкы прокуратура менен УКМК кызматкерлери келген. Ал эми Азамат Мурзалиевге ИИМ кызматкерлери колдоо көрсөткөн. Ал окуя К.Байболовдун (ошондо башкы проку­рор) иштен четтөөсү (отставкасы) жана А.Силичтин Кыргызстандан качып кетүүсү ме­нен бүткөн. Кийин 2012-жылы УКМК А.Мурзалиевди камакка алып, Азат Базаркуловду Мега­комдун баш мүдүрү кылат. Базаркулов 2010-жылы сырткы көзөмөлдөөчү болуп турганда Силичке кошулуп, Мегакомду эңшерткенине карабастан, аны кайра жетекчи кылып дайындашат. Кимдин крышасы ким экени түшүнүктүү  болдубу? Бул иштерде эч кандай кылмыштуулук менен күрөшүү жок, болгону Мегакомго таасир үчүн талаш.
Мегакомдун тегерегинде да­ты бир көңүл бура турган нерсе – «Кыргыз Мобайл Компани» (КМК). Ал 2012-жылы ошон­догу мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеген А.Кадыркуловдун демилгеси менен түзүлөт. Ээси, мүлкү, каражаты, эч нерсеси жок фирмага лицензиялар менен жыштыктар берилет. Бул канчалык мыйзамдуу? Башка бир бечара да лицензия сурап барса береби? Андай лицензиялоонун кереги эмне? Мейли лицензия ме­нен жыштыкты берди. Андан соц ММБФ «Кыргызмобайл компанини” үч жолу саттыкка коет. Бир дагы кардар келбейт.
«Казакстандан инвестиция тартабыз» деп, Самрук-Казынага сунуш кылат. Кызыкпайт. Эмнеге? Себеби, КМКга бөлүнгөн  жыштыктар жарыбаган оокат, аты эле бар. Анча жыштык менен бизнес кылуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө сураган баасы асманды тирейт. Кийин А.Кадыркулов ММБФке же­текчи болуп дайындалат. Өзү баштаган КМКдан кутулуунун бирден-бир жолу  Мегаком­го сатып жиберүү. Ошентип, 2015-жылдын 30-июнь күнү Мегаком КМКнын 75% 517,7 миллион сомго сатып алат. Ойлогулачы, эркин базарда башкалар бир сом бербеген нерсени жарым миллиардга сатып алат деген эмне? Ошол сумманын ичинде Кыргызтелекомго 200 миллион, ал эми ММБФ өзүнө 14,7 миллион сом түшүрөт. Баары жыргады, бирок, ошондон кийин Мегаком баш көтөргүс абалда калды. Ошен­тип, бийлик Мегакомдун түбүнө  жетти. Сүйүнчүсүнө ММБФ Мегакомдун жетекчилигине сыйлык ыйгарды. Мактоо грамотасына: «Биргелешкен тапшырмаларды ишке ийгиликтүү ашырганы  үчүн…» Ал эмне де­ген сырдуу биргелешкен тапшырмалар? Эгер ММБФ «кирешени көбөйткөндүгү үчүн » деп сыйлык берсе түшүнөт элем. Ал эми бул жерде коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен ММБФтин эмне сырдуу иштери бар?
Эгер ММБФ башка мамле­кеттик ишканаларды да ушинтип жетектеп жатса, анда күнүбүздүн бүткөнү ушул. КМКны сатып алгандан кийин көп узабай парламентте А. Базаркулов аны иштетүүгө каражат жоктугун айтып чыкты.
МКны иштетүүгө акчаң болбосо, 500 миллионго сатып алып эмне кыласың? Бир аялды бага албай туруп, үчүнчүсүн  алып эмне? Темир Сариев Мегакомду сатуу үчүн ушуну менен үч жолу парламенттин уруксатын алды. Алгачкы эки жолу аукцион болбой калды. Би­рок, мамлекеттик бюджетке дээрлик 17 миллион сом зыян келтирди. Кантип? Оңой эле: «Мегакомдун 49 пайызын сатпасак болбой калды» деп парламентке барат. Депутаттарды ары-бери чайкап, алардын макулдугун алат. Ал­дан соң, ошол 49 пайызды баалоо учун All-Star жана Эрнст энд Янг компанияларына эки жолу, бардыгы 16 887 850 сом төлөйт. Бирок, Мегакомду сатпайт. Эмнеге сатпайт? Себеби, андай сатуу мыйзамсыз. Эч ким сатып албайт. Са­туу мыйзамсыз экенин билип туруп, эмне үчүн Т.Сариев парламентте аны айтпайт? Эгер депутаттар мыйзам бузуу бар экенин билсе, анда макулдук берет беле? Мындай иш эки катар болуп өттү. Шылуундукка окшобойбу? Акыркы, үчүнчү жолу сатыкка коюлушу да канчалык мыйзамдуу экенине кепилдик жок. Бирок, парламент мкулдугун берген, кербен жыла берет. Бүгүнкү депутаттардан сурасаң «биз эмес башкы прокуратура карап, «эч кандай кылмыш жок» деген бүтүмгө келди. Мамлекеттик бюджет 17 миллион сом чыгашага учураса да «кылмыш жок». Ошол эле мезгилде 3000 сом чыгаша үчүн «кор­рупция» деп баса калышат. Бу кандай?
Жакында бийлик төбөлдөрү «Мегакомдун сатылышынан түшкөн акчага жол оңдойбуз» деп жар салды. Албетте, бирден-бир иштеп турган мекемени сатып, акчаны асфальт менен комуп койгондон артык кандай ой болсун? Кийин топурак казып, ал акчаны издеп көр.
Ошентип, өзүңөр байкагандай, Мегакомдун бүгүнкү аянычтуу абалына бийлик бир катар жылдардан бери системалуу каталык кетирүү менен кел­ди. Бул процесс баш аламандык менен болдубу же бирөө  атайлап ушул абалга алып келдиби? Билбейм. Чуулгандуу иш менен кимдердин аты чыкканын айтып бердим. Көп нерсени мен да билбейм.
Болору болду. Бирөөнүн артынан чукуламай – ал тергөөчүлөрдүн иши. Мени келечек ойлонтот. Сатуу керекпи же жокпу? Кандай кылсак эртеңки күнү өкүнбөйбүз? Мегакомдун бугүнкү каржылык абалын эске алсак, маселени чечмелөө өтө оор. Бирок, кандай болгондо да, эгер мен чечим кабыл алсам, саттырмак эмесмин. Сатып жиберүү – бул өнүгүү жолу эмес. Ата ка­тары балдарымдын эсинде мародер- коммерсант болбой, новатор, куруучу, прогрессивдүү адам катары калгым келет. Андыктан, негизине чейин урап калса да, кайра куруп, жандандыруу туура иш. Албетте, колуңан башка эч нерсе келбесе, башты оорутпай сатып жиберген туурабы? Эл жакшылары, оюңарды айткылачы?
Адис каатары айтарым: Мегакомдун ендүрүштүк, инновациялык потенциа­лы абдан зор. Мен аны ичинен билем. Өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Мегаком өзү эле каржылай алат. Болгону жетекчиликке кесипкей адамды дайындоо керек. Анан да бийлик жок дегенде бир нече жыл Мегакомдун канын соргонду токтотушу керек. Кан сорбосо,өзү эле оңолуп кетет.
Мегакомдун аркасы менен бир катар улуттук деңгээлде маанилүү долбоорлорду ишке ашырса болот. Мисалы: Санарип телеберүүсүнө өтүү. Бул долбоорду Мегаком бир кыйла жогорку сапатта ишке ашыра алмак (Кыргыз- телекомго караганда), себеби, адистери да, каражаттары да бар. Дүйнөлүк тренд ошондой. Азыр операторлор жалаң гана телефон байланыш менен чектелбестен, мульти-кызматтык тармактарды курууда. Анда үн, смс, ммс, интернет, радио, телеберүү… Баардык кызматтар бир тармакгын ичине камтылган. Бизде болсо же санарип жок, же Мегакому жок.Телемедицина. Сыналгы же уюлдук телефон аркылуу медициналык кызмат көрсөтүү актуалдуу маселе эмеспи?
Алиппе ТВ долбоорун улантып, телекоммуникация технологоиялары аркылуу билим берүүнү өркүндөтүү. Кайтарым байланыш, интерактив, муль­тимедиа, онлайн баалоо, адаттык билим берүү менен тыгыз интеграция болмоюн Алиппе ТВ толук кандуу ийгиликтүү  боло албайт. Бирок, долбоор ойдогудай ишке ашса, анан көрүп ал, Кыргызстандагы билим берүү системасына алдыңкы өлкөлөр суктанат. Билимдүү жана маданияттуу ке­лечек муун. Биздин максат ушубу же асфальтпы?
Мегакомдун негизинде DVB-MRC технологиясын өздөштүрүү. Татаал нерсе, эки сөз менен түшундүрүү кыйын, ал үчүн өзүнчө макала жазайын. Бирок, жыйынтыгында телеберүү түпр, тамырынан бери өзгөрөт. Мисалы, түз ободо өз оюн билдирүү үчүн телефон чалуу же СМСтин кереги жок. Колуңуздагы пульттун кызыл же жашыл тайпасын  басып коюу жетиштүү. «Ала- Тоо» профаммасы учурунда кайсы бир жаңылык жакса же жакпаса «лайк» же «дислайк» билдирсеңиз болот. Ап статистика түз ободо экранга чыгат. Ошондо калың эл ез оюн митингге чыкпай эле үйдө отуруп, сыналгы аркылуу билдирсе болот.
Анан да, бош убакта нарындык ак­сакал баткендик курдашы менен сы­налгы аркылуу шахмат ойносо болот. Укмуштай көрүнөбү? Инновациялык технология деген ушу.
Эки жол бар: Мегакомду сатып жиберсе болот, же ушул байлыкты акыл менен пайдаланып, инновациялык жол менен өнүксөк болот. Эмне кылалы?
Булак: “АЗИЯньюс”
 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *