“Мегакомдон” “кулактары” чыгууда…

Бир жумадан бери Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Өмүрбек Текебаевдердин мамлекеттик “Мегаком” компаниясында үлүшү бар экенин, жыл сайын миллиондогон каражат пайда көрүшөөрүн КТРК баштап бир катар маалымат булактары жазып-айтып түгөтө албай жатышат. Алсак, Шыкмаматовдун “Мегакомдо” 7 пайыздык үлүшү бардыгын жылына андан 23 миллион сомдон ашык киреше алаары, Салянова дагы 7 пайыздык үлүшкө ээлик кылып, ал дагы 23 миллиондон ашык акча алаары, Текебаев 8 пайыздык үлүш менен 25 миллион сомдон ашык каражат жеке эсебине түшүп тураары боюнча маалыматтар байма-бай чыгууда. Бул маалыматтарды аты аталгандар жалганга чыгарып, каралоо катары түшүндүрүшүүдө. Бирок “жел болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын” демекчи, бул жерде бир сыр бардай. Албетте, акцияны Текебаевдер өздөрүнүн атына каттатып койбосу бештен белгилүү иш. Андыктан далилдөө кыйынга тураары турган иш. Ошентсе да мынчалык сөз болуп жаткандан кийин илинчек жок эмес көрүнөт. Эми муну тиешелүү укук коргоо органдары тыкыр иликтеп, ак-карасын ажыратышы керек.

Булак: Фабула 

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Албетте, конституция өзгөрсө гана ушунун баары ачыкка чыгышы мүмкүн.Болбосо, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат да. Алар элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн байлыктарын сактап калууну көздөшүп каршы болуп жатышса керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *