Мектепке эмес, мечит-медреселерге каттаган окуучулар көбөйдүбү?

Ош облусунун Кара-Суу районунда жыл башынан бери окуучулар сабак учурунда мечит-медреселерге барган 91 факт катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, бул факт милициянын атайын рейди учурунда аныкталган.

“5 бала мектепке барбай, мечит-медреселерге барып жүргөндүгү аныкталган. Ал эми 4 окуучу такыр эле мектепке барбай жүргөн”,-деди Ж.Аширбаев.

Кыргызстандагы диний билим берген мекемелердин саны, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырганда алда канча көп. Мисалы, 30 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда бир Ислам университети болсо, 6 миллион калктуу Кыргызстанда 100гө чукул диний окуу жай бар. Бул тууралуу Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун иликтөөсүндө айтылат.

Ал эми республика боюнча 102 медресе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, учурда анын 78и иштеп келет. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан бул медреселерде жалпы 6 миңдей бала билим алат деп билдирген.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылдары жылпы республика боюнча медреселерди текшергенде, 9-класска чейинки жүзгө жакын баланын медреседе окуп жатканын аныктаган. Дегеле медреселердеги билим берүүнү, окуу программаларын ким көзөмөлдөйт? Медресенин күбөлүгүн мамлекет тааныйбы? Диний билим берүү мекемелерине жумушка орношуу кандай болот? Ушул суроолорго жооп издеп көрөбүз.

Оштогу Абдыжапар атындагы Ислам окуу жайына жылына балдар, кыздар болуп 100гө жакын бала кабыл алынат. “Алардын көпчүлүгү 9-классты аяктап, орто билим алгандар. 3-4 жыл медреседен билим алган соң өлкөнүн дин жаатындагы мекемелер болгон, муфтият, мечит же болбосо, медереселерде иштеп калышат. Бул жерде негизинен диндин түшүнүгүн, араб тилин, куранды үйрөтөбүз”,- дейт аталган окуу мекеменин башчысы Акмат Абахиров.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, медреселердин саны Бишкекте 5, Чүйдө 28, Таласта 4, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Жалал-Абадда 6, Ош облусунда 19, Ош шаарында 4, Баткенде 9ду түзөт. Аталган дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн берген маалыматына таянсак, бул медреселерде 6 миң бала билим алууда. Алардын эң чаканында 20га чукул бала окуса, эң чоң дегенинде 200дөй бала бар.

Республика боюнча медреседе окуган балдардын расмий саны 6 миң деп айтылып келгени менен “Булан” институнун иликтөөсү медреселерде окуган балдардын саны андан кыйла көп экенин көрсөтөт. Себеби, каттоосу жок медреселерде окуган балдарды кошуу керек жана медресеге мектептен кийин же жумасына бир-эки жолу келген балдардын да эсебин алуу зарыл. Мындан сырткары акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстандагы медреселердин саны 35ке көбөйгөн. Булар мечит алдында өз алдынча ачылып, уруксатсыз иштеп жаткан медреселердин саны менен көбөйгөн.

Ал эми медреседен башка куран үйрөтүү борборлору да бар. Ал жерден да мектеп окуучуларын кезиктирүүгө болот. Бирок Ош шаарындагы “Куран үйрөтүү борборунун” жетекчиси Талантбек Алмаматов болсо, алардын борбор 16 жаштан жогорку аял кишилерди гана окутушаарын, ал эми мектептен кийинки убакта кошумча дин боюнча билим алууну каалаган окуучуларды ата-энесинин, мектеп жетекчилигинин уруксаты менен гана сабактан кийинки бош убакта кабыл алып окутушаарын айтат.

Кыргызстанда диний билимге муктаждык бар дешип, куран үйрөнүү, дин түшүндүрүү борборлоруна каттагандардын саны арбын. Ош шаарындагы куранга окутуу борборунун биринин мугалими Шахида Шакированын айтымында, ар кайсы жаш курактагы аял кишилер, окуучу кыздардын саны кыш мезгилинде 500, 600дөн ашат.

Азыр компютердик класстары бар медреселерди да кезиктирүүгө болот. Бирок ошол эле учурда өтө жупуну, олтуруп окуганга столу да жок, балдар жерге төшөлгөн килемчеде окушат. Кандай шарттар медреседе билим берилбесин, бирок мамлекет Медресе күбөлүгүн тааныбайт. Дагы бир олуттуу маселе, диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай калышат же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок, ошондуктан мамлекеттик стандарттагы диплом да берилбейт. “Медресени аяктады” деген күбөлүктү мамлекет тааныбайт, жада калса ал баланын мектепти бүттү деген аттестаты да жок болгондуктан, окуусун уланта албай калып жаткандар арбын. Мындан улам медресе окуучуларын кесипке үйрөтүү үчүн долбоорлор республиканын ар кайсы тандалган медреселеринде бир жылдан бери окутулуп келе жатат дейт аталган долбоордун менеджери Нарынбек Кыдыргычов.

Ал эми билим берүү министрлиги менен Ички иштер кызматкерлери жылына атайын иш мерчемдеринин негизинде диний ишенимден улам мектептен баш тарткан окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алуу жолдорунун алкагында иш-чараларды өткөрүп турушат.

Диний радикалдашуунун алдын алуу, анын ичинде Кыргызстанда диний билим берүү системасын реформалоого багытталган долбоордун үстүндө иштеген Булан институту сурамжылоо да жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында медреседе окуган балдардын, улан-кыздардын ата-энелеринин 60 пайызы орто билимдүү, 10 пайызы атайын орто, 30 пайызы жогорку билимдүү экени аныкталган. Жооптордон көрүнүп тургандай, орто билимдүү адамдардын балдары көпчүлүк бөлүгүн түзөрү аныкталды. Ал эми окугандардын басымдуу бөлүгү көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан. Медресени аяктагандан кийинки алардын 40 пайызы чет өлкөлөрдөн диний билимин улантууну, 25 пайызы мечиттерде, медреселерде иштөөнү, ал эми 5 пайызы дааватка чыгаарын билдиришкен. Ал эми 30 пайызы жарандык жогорку окуу жайларына тапшырууну каалай турганын маалым болгон.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *