Мелис Карыбеков, парапсихолог: “Бийликти кара дуба чырмап алды…”

-Мелис мырза, мурда кара дубаны Икрам Илмиянов Атамбаевге окуткан дедиңиз эле, ошондо азыркы президентке дагы кара дуба окуткандар барбы? 

-Президент Жээнбековго дагы Атамбаевге окутулгандай кара дуба окулуп жатат. Менин туюмумда кара дуба жеке эле президентке окутулган жок. Бүтүндөй кыргыз элинин үстүнөн окутулган. Ошонун ичинде президент да бар. Өзгөчө бийлик ээлерин кара дуба чырмап алган.

Эмне үчүн канча жылдан бери чогуу жүрүшкөн жакшы мамиледеги эки достун ортосун кара мышык аралап, бет карашпай калган деңгээлге жетишти? Мунун бир эле сыры – кара дуба окутулган. Президент Жээнбеков өзүн бийликке алып келген адам менен мамилесин 180 градуска өзгөрттү. Мен ал кишини жакшы билем. Ал андайга бармак эмес. Кара дубанын таасири тийди.

Ошол себептен өзүн бийликке сүрөгөн КСДПны жаманатты кылганга жол берди. Партиялык эреже бузулду. Достук эрежеге жарака кетти. Кийинки муун достор бирин-бири сатпайт дегенге ишенбейт. Үчүнчү, исламдын эрежеси бузулду. Анткени мусулман кечиримдүү болот. Коркутуп, камап, отургузган менен маселе чечилбейт. Айкөлдүк, кечиримдүүлүк адамдын жүрөгүн жибитип, жакшылыкка жол ачат.

-Сиз ошондо кечиримдүүлүк, ынтымак менен иш жүргүзүш керек дегенди айтып жатасыз да?..

-Ооба, тиреш, касташуу, коркутуу, камоо жакшылыкка алып келбейт. Бардык нерсени ынтымак менен чечкенден өтөөрү жок. ДемекАтамбаев, Жээнбеков, Текебаев, Мадумаров болобу бир столго отуруп кеңешип иш кылуу парз. Элдин, мамлекеттин келечеги,  кызыкчылыгы үчүн жеке таарыныч, амбицияларды жыйыштырып иш кылыш керек. Азыр элге социалдык көйгөйлөрдүн чечилиши, экономиканын өсүшү зарыл.

-Бийликтин келечеги тууралуу эмне айта аласыз?

-Ата-Бейитте арбактар козголуп калды. Бийлик коомдогу абалды анализдеп, элди жакшы багытка ээрчите албаса өзүн-өзү жок кылып алышы мүмкүн. Мен көргөнүмдү, укканымды, жогортон берилген сыр-аянды гана айтам. Эмне үчүн кара дуба тууралуу какшап айтып жатам. Окулган кара дубаны жандырыш оор. Өтө кыйын. Андай нерсе ар кимдин колунан келе бербейт.

Атамбаев кара дубага туруштук бере алды. Анткени ал кут кармаган, колдоочусу күчтүү, касиети бар адам. Азыркы бийлик кара дубага туруштук бере алабы чоң суроо?.. Ошол себептен мен өткөндө президенттин айланасында манасчылар болуш керек деп айткам. Алар терс энергиядан, кара дубадан Манастын энергиясы аркылуу коргойт…

-Кара дуба эле деп жатасыз. Кара дуба кайдан чыккан?

-Илгери Бухарада сарттардын кара дуба менен алек болушкан чоң жашыруун уюму болгон. Түбү ошо жактан чыгат. Кара дубаны окуунун сырларын үйрөнүшөт. Бүгүнкү күнгө чейин кара дуба колдонулат. Өзгөчө сарттар аябай маани берип окутушат…

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

 

 

 

 

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *