“Мелис Мырзакматов саясий куугунтукка кабылган…”

Саясий куугунтукка алынгандардын катарында Мелис Мырзакматов да бар. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев Акманда эл менен болгон жолугушууда айтты. Анда ал жакында эле Мырзакматов менен сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал бул туурасында: “Мен түрмөдөн чыккандан кийин чалып куттуктады. Эркин болуп чет жерде жүргөн түрмөдө жаткандан да оор экен деди” – деп айтты. Кошумчалай кетсек, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” менен Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиялары чогуу ат салышкан.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *