Мелис Турганбаев, экс-министр: “Саясатчыларга кошулуп алып, былжырап жүргүм келбейт”

Генералдын ахвалын сурап, соңку убакта эмне менен алек болуп атканына кызыктым. Учур кырдаалына жана өзүнө байланыштуу суроолорго жооп ала алдым.

 –Мелис, министрликтен кеткенден кийин эмне иш менен алексиң? Саясат айдыңына аттанасыңбы?

–Башында эле саясатка кийлигишип, аралашкан эмесмин. Муну эмнеге айтып жатам? Милиция менен аскерлер эл үчүн гана кызмат кылат. Мен ошол элдин  көйгөйлүү маселелерин чечип, бейпилдигин, коопсуздук маселеси тууралуу түйшөлүп келгем. Жадагалса министр кезимде саясаттан өтө алыс болуп, эл аралап, министрликтин алкагында чечилбеген суроо-талапты чечип жүрдүм. Отставкага 30-майда кеткен күндөн бала кездеги спортума кайрылып келип, ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдешке даярдана баштадым.

–Бала кездеги спортуңа кайрылып, дүйнөдөгү ардагерлер менен күрөшсөм деген кыялың бар беле?

–Кыялым бар болчу. Азыр ардагерлер арасындагы мелдештердин деңгээли көтөрүлүп калды. Мурун анча эмес болчу. Акыркы 5-6 жыл ичинде катышкан спортчулардын саны, географиясы кеңейди. Ошондон улам акырындан даярданып, министр кезимде эле болбоду дегенде күнүнө бир сааттай машыгып койчумун. Кызматтан бошогондон кийин аны күчөттүм. Анүстүнө жаш муундарга үлгү көрсөтүп, мага окшогон ардагерлерди да килемге тартып, алардын насаат сөздөрү жаштарга сабак болсо дегендей ойдо болдум.

–Кызматтан кеткениңе беш айга чукулдаптыр, артыңан бирөө-жарым жамандап, сөз айтканын уга алдыңбы?

–Биринчиден, ИИМдин өздүк курамына терең ыраазычылык айтам. “Турганбаев муну туура эмес, тигини тескери кылды” деген сөздөрүн ушу кезге чейин укпадым. Жакшы гана сөздөрүн айтышууда. Мен ушуга аябай ыраазымын.

–Кызматка кайра чакырса келесиңби?

–Эгер менин кызматым элге керек болсо, “эл үчүн кызмат кылып бер” дешсе,  андан баш тартпайм. Өзүм жанталашып барып иш сурабайм. Мага андай нерсе жат көрүнүш.

–А эмнеге “саясатка барбайм” деп атасың?

–Аны өзүңүз деле көрүп атпайсызбы, былжырбай саясат болуп атат. Саясатчылардын баарын көрдүм, психологиясын өздөштүрүп койгом. “Эл үчүн кызмат кылалы, журтубузда бейпилчилик болсун” дегендер азыраак болуп атат. Көбү “бийликке жетсем болду” дешсе, көбү өз көмөчүнө күл тартуу менен алек. Ошон үчүн аларга кошулуп алып, былжырап жүргүм келбейт. Кашыктап топтогон кадыр-баркымды чөмүчтөп төгүп салганга жол бербейм. Ким кандай иштегенин эл билет. Бүгүнкү күндө мага бир да кишинин, чоңу болобу же кичинеси болобу, дооматы жок. Жолуккан жерде саламдары түз, жакшы сөздөрүн багыштап, учурашып атышат.

–Өзүң иштеген министрликке башбагып каласыңбы?

–Жумуштан кеткенден бери болгону эки жолу бардым. Бирөөсүндө ыраазычылык айтып узатуу вазийпасын кылышты. Бир жолкусунда зарыл иш менен бардым. Министрликке барган менен анын бир да ички иштерине кийлигишип көргөнүм жок. Жумушуна дагы, кадр маселесине дагы, эч бир жерине. Себеби, министр отургандан кийин иштин мындан аркы көзүн ошо киши гана ачып, андан ары жөндөп алып баруусу абзел. Жаңы жетекчиге да иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек да. Бизде бир жаман адат бар, мурунку кеткен жетекчи кийинки жетекчини шыбап жатып калмай. “Иштин көзүн билбейт экен. Кадр маселесин аксатып атат. Реформа жүргүзгөндү билбейт экен” деген сыяктуу. Ушундайдан арылсак жакшы болот эле. Тескерисинче, ошол жетекечиге болгон жардамыбызды берип, эгер муктаж болсо насаатыбызды айтып турганга дайым даярмын.

–Кызматтан кеткен себебиң эмне болду?

–Мен ойлойм, чоңдорго ишим жакпай калган го, начар иштедимби? Эгер кыйын иштеп, мыкты жетекчи болсом, кетирбейт болуш керек эле. Кандай болгон күндө да, эч нерсеге кейибейм. Себеби, өздүк курам менен бирге эл бүгүнкү күнгө чейин сыйлашат. Мага ушул сый-урмат жетиштүү. Колумдан келген жакшы иштерди жасап бердим. Журт алдында жүзүм жарык. Отставкага кеткениме өкүнгөнүм жок. Мени да өз учурунда 2010-жылга чейин куугунтуктап келишкен. Андан кийин мүмкүнчүлүк берип, министрдин орун басары, Бишкек ШИИБдин начальниги, анан министр болуп иштедим.

–Азыркы министр сенин кадрларыңды кызматтан четтетип “бул Турганбаевдики болчу” дегендей иштерин байкап атасыңбы?

–Байкаганым жок. Азыркы министрди кандай болгон күндө да жайына коюш керек. Балким менин учурумдагы кадрлардан да мыкты иштеген кызматкерди таап келип иштеп аткандыр. Эгер ошондой болсо, андайга эмне үчүн биз кийлигишип, жумушуна жолтоо болушубуз керек? Менин эч бир ичтардыгым жок, болбойт дагы. Мен тааныбаган, билбеген милиция жакшы иштеп атса “атаңгөрү, заңкылдап иштеп аткан экен, азамат” деп, кубанып калам. Тескерисинче, бирөөсү жаман жагын көрсөтүп, иштебей атса “каап, бизди уят кылды элге” деп маанайым түшөт. Мен бир нерсени айтайын. Элде эч бир мандем жок. Жогору жактагыларда бири-бирин чукумай, ичкүйдүлүк, көралбастык күчөдү. Өзгөчө акыркы жылдары. Биз ушуну токтотсок. Иштеп аткан адамды жайына койсок. Чынын айтканда, биздин карапайым элден айланса болот. Дүйнөдө жок. Жакында эле Европада болдум. Биздин жерибизге, элибизге суктангандарын жашырышкан жок. Көчмөндөр оюну дүйнөгө “дүң” эле дей түштү. Илгертен келе жаткан каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды унутпай ааламга көрсөтө алдык. Польшага барганда өзгөчө улак тартканды, улактын салмагын, анан ат үстүндө чаап келатып тай казанга ыргытканын сурашты. “Салмагы 30-35 килограмм улакты жерден көтөрүп, аттын кулагы менен тең ойноп, анан тай казанга ыргытат” десем, баштарын чайкап, “силерге жетиш кыйын экен” деп таңкалышты. Биз мына ушундай жактарыбызды өнүктүрсөк жаман болбос эле.

–Бир суроо туулат. Сен кайсы кызматта болбо, колуңдан келген ишти кылдың. Жок дегенде отставкага кетип аткан учурда жогору жактагылар генерал-лейтенант чинин берип же орден-медаль менен сыйлап коюшса болот беле?..

–Эми Сурат байке, эң негизгиси, менин эмгегимди өздүк курам менен эл баалап атат. Мага ошо жетиштүү жана баалуу. Мен кээ бир сыйлыкка умтулган, чинге умтулган адамдардан эмесмин. Эгер ошондой сый-урматка татыктуу болсом, аны өздөрү карашат. “Сыйлык бергиле” деп суранмак белем? Балким андай сыйлыкка татыбастырмын.

–“Өздүк курам” деп кеттиң, ошол сени менен көп жылдары бирге иштешкен кызматкерлердин бири “Мелистин “чымыны” бар. Эл аңдабаган, туйбаган нерсени алдын ала сезе билген касиет колдоочулары бар. Ошонусу мыкты опер кылды. Кылмыштуулукту ачууда “чымынына” таянат” деп айтты эле. Ушуга бир аз токтоло кетсең?..

–(Күлүп) Сурат байке, сиз мени Шерлок Холмско даражамды жеткирип койдуңуз. Ар бир эле адамдын касиети бар. Анын ичинде колдоочулары да. Бул эми баягы жылдан-жылга профессионал көз караш пайда болот да. Бир чети тажрыйба. Убагында Кыргызстанда эң мыкты улуу муундагы оперлер менен иштешип калдым. Устаттардын “оперской чутье” деген күчтүү нерселери бар эле. Ошолор менен күнү-күн, түнү-түн жанынан чыкпай иштеп жүрсөң жугат экен. Жуккан нерсени өз убагында өздөштүрүп, багып, кастарласаң гана “жемишин” берип турат эмеспи.

–Анда шакирттер да бар турбайбы? Сен да бирөөгө жуктурдуң да?

–Мен дагы жаш балдарды үйрөтүп, алды министрдин орун басары, УВД жетекчиси кызматтарына жетип калды. Өтө таланттуу шакирттерим толтура. Мен алар менен сыймыктанам. Бизде мындай принцип бар эле, бир нерсени баштадыңбы, аягына чыкмайынча жан тынбайт, көкбетпиз. Мына ушуга үйрөтчүмүн. Өзүм да ушундай принциптен өмүр бою тайыган жокмун, артка кетүү дегенди билбедим. Ошон үчүн чоң кылмыштар акыр-аягына чейин ачылып атты. Бүгүнкү кыла турган ишти эртеңкиге калтырчу эмесмин. Мейли кеч, түн болбосун, үйгө баруу, жан тынып калуу деген жок. Мындан сырткары, биздин опурталдуу кесипти жан-дилиң менен сүйүп, ар дайым баркташ керек. Сен ошондо гана көздөгөн максатыңа жете аласың. Жана сиз айтып кетпедиңизби, “чымын” деп, ал чымынды детектив чыгармаларды окуп, ошондой маңызда кинолорду да аягына чейин көрүп, “багып” турат элем. Ошо “чымындарымдын” жардамы менен кээде кабинетке кирген адамдын эмнеге келгенин, кандай маселе менен кайрыларын алдын ала билип койчумун да, ошонусуна жараша мамиле кылат элем. Бизде “оперской чутьесу” бар жаш балдарга кай жерден, кимдин уулу, кайсы уруудан экенине карабай жардам берип келгем, андай балдарды өстүрүү биздин милдет.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ       

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *