Мелис Турганбаев: “Камчы Көлбаев кылмыш дүйнөсүнөн четтеп кеткен”

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын түрмөлөрүндө кримтөбөлдөргө же уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө өзгөчө жеңилдик берген практика жоюлуп баратат, – деп жаза аткаруу мамкызматынын башчысы Мелис Турганбаев ММКларга билдирди. Анын айтымында, мурда бул кеңири жайылган экен.

– Мамлекет Жаза аткаруу кызматынын көйгөлөрүнө жетиштүү көңүл бурбагандыктан, жетекчилик кримтөбөлдөрдүн жардамын алууга мажбур болуп келишкен. Түрмө бар жерде криминалдык элементтер соттолгондорду башкарып тургусу келет. Мындай учурлар болгон, бирок мен буга караманча каршымын. Мен өмүр бою уюшкан кылмыштуулук менен кармашып келдим. Ошондуктан түрмөлөрдөгү ички абалды өзгөртүүгө туура келди. Азыр бардыгы бирдей абалда, бардыгы иштешет, текшерүүгө чыгышат жана башкалар. Албетте, түрмө мыйзамдары бар дечи. Түрмөнүн башчылары мындай учурларды да эске алууга аракет кылышат.

Мелис Турганбаев “азыр түрмөдө “мыйзамдагы уурулар” да олтурабы?” деген суроого да жооп берди:

– Жок, азыр андайлар түрмөдө жок. Майда-чүйдө кримтөбөлдөр бар эми. Ошол эле Камчы Көлбаев эркиндикте, бирок ал мындай иштерден четтеп кеткен деп уккам, – деп кошумчалады.

Булак: vb.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *