Шамил Карабала уулу: “Мен кыргызмын! деп кыйкыргым келет, бирок Үңкүр-Тоону башка эл келип басып алганычы?”

Көк мелжиген улуу тоолор, көк майсан жашыл талаалар, чалкыган көлдөр, дарыялар баары биздики болду. Түрдүү элдер, өлкөлөр биздин эрдигибизге, акылыбызга баш ийди, ээлигибиз чоңоюп, эл атын көтөргөндүн баарынан алым алып турган экен жапжакынкы эле убактарда биздин ата бабаларыбыз.

Ордо куруп, шаарларга ээ болуп, көчмөн маданиятын түзүппүз. Илим билим өнүгүп, биздин жерлерге туш тараптан качкындар, тентимиш уурулар, түрдүү адамдар агыла баштайт. Өзүнүн кубатына жараша душман да табылат эмеспи, Улуу империябыз алсырай баштайт, согуштар, ички бийлик талашуу күрөштөрү кебектеп жеп, урай баштады. Улам артка чегинип, улам шаарларын, жерлерин калтырып кан жөткүрө согушуп жүрүп отурду. Улуу кыргыз ээлигинин жери деле чексиз эмес да, согуш болсо 100 жылдан бери жүрүп жатат, кыргызга душман элдин саны чөлдөгү кумдай. Акыркы үмүтү болгон ордону таштап, асыл өрөөндөргө теңдешсиз салгылашууларда баатырлардын сөөгүн калтырышып, тоо таянышты, жеңилди. Чакчелекей будуң чаң башталды, жексурлар биздин жерлерди бөлүшө баштады. Бул бөлүштүрүү да ондогон жылдарга созулду, анткени эл да, жер да көп эле. Бул өрөөндөрдү, жерлерди жердеген кыргыздар али тирүү эле, ошондуктан душман биринчи иретте алардын эсебин табууну көздөдү. Кыштын күнү жазалоочу карательдик отряддар айылдарды кырып кирди, себеби көчмөндөр үчүн кыш эң оңтойсуз учур эмеспи. Душмандын арам иштерине кол кабыш кылган саткындар, улутун саткан кээ бир уруулар аман калышып, тегиздикте алардын айтканына көнүп күн өткөрө башташты. Алтургай душман тарабынан түрдүү наамдарды алып, өз элин кырууга катышкан баатырлар да чыкты кыргыздан, аттиң ай, эл экенбиз да. Бош калган жерге душмандар өз мекенинде ачкадан өлөйүн деген дыйкандарын, жерлерин тартып алып тентиткен колониясындагы башка элдерди отурукташтыра башташты. Иши кылып эле кыргызга жер бербөө саясаты аябагандай эле күч алды, башкача айтканда тукум курут кылууга ниеттенип калды. Бул оюна алар кыргызды кырып да, сасык зыяндуу саясатын жүргүзүп да жете алышкан жок.

Алардын чеңгелинен чыкканыбызга 25 жылдын жүзү болду, алган жараат карттанып айыга элек, андагы жеген соккулардан эсибизге дагы эле келе элекпиз. Андан бери канча убакыт өттү, андагы эли жерим деп шейит кеткен баатырларды эч ким эскербей, унутула баштады. Алар тууралуу эч жерде жазылбайт да, айтылбайт да. Бирок ошондогу эли менен жерин азыраак мансап менен акчага саткан саткындар азыр даңкталып, юбилейлери өткөрүлүп, кантип эл, жерин сатканы баса белгиленип, макталып турат. Канткен менен эгемендүү болуп алдык, Кудайга үнүбүз жеткен экен. Ошентсе да толук эле өзүбүздү өзүбүз азырынча биле албайбыз, анткени баягы саткындардын, тентип келип биздин жерден жай тапкан тентимиштин тукумдары душмандарыбыздын колдоосу менен дагы эле болсо кыргызды чарк имерип турат. Биздин мамлекет азыр жаңы туулуп, чөөлөрдүн көзүн кызарткан арстандын баласы сыяктуу жаш, коңшу мамлекеттер жеп койгулары келип араң турушат.

Канча жолу Кыргызстандын жерине басып кирип кошуп алышты, өзбек чек арачылары канча кыргыз жарандарын кууп келип биздин жерде атып өлтүрүштү. Кыргыз бийлигинин бир да жолу жооп кайтарып, же бир нааразы болгон нотасы жиберилгени эсибизде жок. Улам тойбой, улам жылып, аймагын биз жакты көздөй кеңейтип келет. Өзбек жарандары болсо мыйзамсыз эле түрдө Кыргызстанды аралай чаап, билген намазын окуп жүрүшөт. Минтип отурсак Кыргызстанда өзбек улутундагылар 800 миң эмес, андан алда канча көп болуп кетет, анан ошондо көйгөй башталат. Деги бизде миграция кызматы барбы, бар болсо каякты карап жүрүшөт. Милицияга, күч структураларына эмне үчүн кыргыз мамлекетине кайдыгер адамдарды ишке алып жатышат мен түшүнбөйм, чек ара кызматы Өзбекстандын бизге болгон мамилесине жараша катуу болушу керек эле. Мына эми ачык эле Үңкүр-Тоону ээлеп алышты. Биз болсо Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруп майрамдап жатабыз, майрам албетте жакшы нерсе дечи, бирок ошону менен катар башка көйгөйдү да ойлонуш керек эле. Каримовду көмүү аземине катышып, болочоктогу Өзбекстандын президенти ким болсо, ошону менен жакшы мамиле түзүп келүү анын кыргыз элинин алдында аткара турган парзы эле. Эртең эле майрам бүтөт, коңшу мамлекеттин башчысы аныкталат, чек ара маселесин баары бир чечишибиз керек. Бул темп менен кетсек түштүктүн стратегиялык мааниси бар бир да жери колубузда калбайт келечекте, Өзбекстанды кудум ушу Үңкүр-тоодо токтотушубуз керек. Болгон күчүбүздү салып Орто токой суу сактагычын, Үңкүр-тоону сактап калышыбыз керек. Калган чек ара тилкелерин да тез арада тактоо керек, антпесек ар бир өткөн күн өзбектер үчүн пайда алып келип жатат. Күн санап, саат сайын алар кыргыз жерине көздөй жылып жатат. Биздин түштүктөгү кендерибиз, шаарларыбыз, токойлорубуз, сууларыбыз  алардын көздөрүн кызартып жатат. Келечекте Нарын каскадын толугу менен ишке киргизип бир ГЭС толгондо экинчисине суу топтоп эстафета кылып, сууну кышында гана коё берсек Өзбекстанга, анда бул өлкөдө жашоо токтойт. Бул нерсени алар эң сонун түшүнүшөт, бул табигый процесс экенин да билишет, жылдар өтүп электр энергияга болгон суроо талап жогоруласа ошого барууга аргасыз болобуз да. Ошондо Өзбекстан бизден сууну сатып алууга аргасыз болот, алардын гүлдөгөн шаарлары, күчтүү мамлекети түккө турбай калат. Алардын мелжегени бир эле Үңкүр-тоо менен Орто токой суу сактагычы эмес экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам. Бул эки обьектти алдырсак биз алардын араанын гана ачабыз, түштүктөгү байлыкты, жерди алып бүтмөйүнчө эч качан тоюшпайт алар. Ошондуктан сылатып сыйпатпай ачык оюмду айтканымды дүрбөлөңчү катары көрбөгүлө. Ушул азыркы учур тарыхый бурулуш учуру болуп калышы мүмкүн, катуу тургула туугандар. Биздин бийликте өзбек саясатын жүргүзгөн чиновниктер бар, аларды камырдан кыл сууругандай сууруп тазалабасак эртеңки күнү өзөлөнүп өкүнгөнүбүз бекер болуп калат. Карышкырга кой кайтарткансып аларды парламентке, маселе чечүүчү постторго отургузуп алдык, бул эмнеси ? Дагы “жерди ким сатып жиберген?”- деп сураштырып коёбуз.

Айтмакчы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат, жөн эле көңүл эргип, “мен кыргызмын!”- деп кыйкыргың келет. Так Көкөтөйдүн ашы азыр өтүп аткандай элес калтырды. Бирок жанагы логотиптерде эмне үчүн орус анан англис тилинде гана жазылып турат дейм да, же бул оюнду орустар уюштуруп, өткөрүп жатабы? Кана кыргыз тили? Болуптур англис тили жалпыга түшүнүктүү болуш үчүн керек экен, а орус тилин улам эле чалдыратып кошо бериштин кереги бар беле, анда ошо келген 62 мамлекеттин тилинин баарын үйрөнүп сүйлөөгө, жазууга милдеттүүбүзбү. Москвага же Анкарага барганда биз менен алар кыргызча сүйлөшүп атабы, биз эркин элбиз го, биздин өзүбүздүн тилибиз бар го, керек болсо түрк тилдүү элдердин баары түшүнөт кыргызчаны.

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *