«Менин энем» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Менин энем» республикалык сынагын жарыялап, кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо максатында уюштурулган сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлерге катышууга мүмкүндүк берилген.

Сынакка ырларды кабыл алуу 28-марттан 26-апрелге чейин жүргүзүлүп, келип түшкөн 76 автордун чыгармасынын арасынан жобого ылайык 58 чыгарма Жазуучулар союзунун мүчөлөрү Сагын Акматбекова, Карбалас Бакиров, Фатима Абдалова, Тынчтыкбек Нурмамбетов, Зайырбек Ажыматов  сыяктуу белгилүү акындардын сынынан өтүп, жыйынтыгы чыгарылды.

«Менин энем» сынагын жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Энелер күнүн утурлай 12-майда саат 13:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында өткөрүлөт. Иш чара чакан поэзия кечеси менен коштолмокчу. Сынактын катышуучулары жана бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *