Мэрия: Бишкекте ысык суу эртеңден баштап бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 29-июнда бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, ысык сууну берүү баскыч-баскыч менен жүргүзүлүп, 3 күнгө созулат. Биринчи кезекте ысык суу медициналык мекемелерге жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Ошондой эле, Бишкек шаарына ысык суу “Бишкекжылуулук тармактары” (“Улуттук энергетикалык холдингдин” карамагындагы компания) жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы тарабынан берилет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *