Меркель: хакердик чабуулга байланыштуу Орусияга каршы чара көрүлүшү мүмкүн

2015-жылы Бундестагдын расмий сайтына жасалган хакердик чабуулга байланыштуу Орусияга каршы чаралар көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркель шаршемби күнү немис парламентинде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө прокуратурасында бул чабуулдарга Орусиянын тиешеси бар экендигине жетиштүү далилдер топтолгон.

Немис полициясы киберчабуулга байланыштуу орусиялык Дмитрий Бадин шек саналып жатканын билдирген. АКШ бул жаранга ушундай эле мүнөздөгү кылмыштардан улам издөө жарыялаган.

«Spiegel» журналынын маалымдашынча, киберчабуулдан улам хакерлер Ангела Меркелдин 2012-2015-жылдардагы кат алышууларын көчүрүп алышкан.

Меркель ошондой эле Берлинде киши колдуу болгон чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвили да тууралуу сөз кылды. Буга чейин өлкөнүн Федералдык прокуратурасы Хангошвилинин киши колдуу болушуна орус бийлигинин катышы болушу мүмкүн экенин билдирген. Немис тарап орус бийлиги тергөөгө адекваттуу жардам көрсөтпөгөнүн, эгер кылмышты иликтөөгө Москва жардам бербесе чара көрө турганын эскерткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хангошвилинин өлүмүнө орус атайын кызматынын катышы бар деген кинени четке кагып, өлтүрүлгөн адамды Москва метросунда жардырууларды уюштургандардын бири деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *