Месси алтынчы ирет “Алтын бутсы” утуп алды

Испаниялык “Барселона” клубунун чабуулчусу  эң көп топ киргизген футбол оюнчусу катары Лионель Андрес Месси  “Алтын бутсы” утуп алды. Ал алтынчы ирет  ушундай наамга татыды. Бул тууралуу чет мамлекеттин ММКлары жазып чыкты. 

Алардын айтымында, мындай баалуу сыйлыкты Месси өзүнүн балдары Тьяго менен Матоенун колунан алган. Уюштуруучулар ушундай белек кылууну алдын ала даярдашкан экен.

Месси испан Ла-Лигасында 36 топ киргизген. Ал эми португалиялык Криштиану Роналду төрт жолу алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *