Мезгил кайраттууларды тандаган

…Тарых барактары далилдеген дей 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин Бүткүл Союздук аткаруу комитети РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ошол эле жылдын 21-октябрында Кара-Кыргыз автономиядуу облусунун Революциялык комитети Иманалы Айдарбеков башында турган мамлекеттик бийликтин убактылуу органын түзүшүп, анын курамында аткаруу бийлиги жана административдик бөлүмдөр уюштурулат. Мына ушундай административдик бөлүмдөрдүн башчысынын бири И.Тойчинов 1924-жылдын 1-ноябрында берген отчетунда кыргыз жергесинде милициянын башкармачылыгы иштей баштаганын жана анын башчысы болуп Аркадий Арумов дайындалганын көрсөткөн.

Мына ошол кыргыз милициясынын даңазалуу датасынын алдында Ысык-Көл облустук милициясынын тарыхындагы айрым бир кызыктуу фактылар менен окурмандарды тааныштыра кетүүнү эп көрүп олтурабыз.

Ысык-Көл облустук архивинин 53-фондунда сакталып турган документтерге таяна турган болсок, 1924-жылга чейин эле көгүлтүр көлүбүздүн аймагында жумушчу милициясы уюшулуп, иштеп баштаганына күбө болобуз. Октябрь революциясына байланыштуу 1917-жылдын аяк ченинде жана 1918 жылдын башында Орусиянын падышалык аскерлери Каракол шаардык уездинде жайгашкан гарнизондон өздөрүнүн туулуп өскөн мекенине кете башташат. Дал ошол мезгилде шаардык уездде башаламандыкка жол бербөө жана ички тартипти сактоо максатында Каракаш аттуу адамдын төрагалыгы алдында Каракол шаардык Думасы жергиликтүү коргоо дружинасын уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алат. Ошентип, 1918-жылдын 23-январында Каракол шаардык милициясы толук түзүлүп, анын башчылыгына 21-түркстандык атуучу полкунун чиновниги Иван Черкашенко дайындалат.

Каракол шаардык милициясынын алгачкы курамы болгону 19 адамдан туруп, шаардык милициянын башчысы, анын жардамчысы, катчы-айдоочу (письмоводитель), катчы (писарь), 13 жөө жана 2 атчан милиционерлер курамында болушкан. Алгачкы милиционерлердин катарына Д.Арефьев, П.Иващенко, П.Керкин, А.Лещенко, К.Карпенко, И.Кучеренко, А.Иващенко, П.Парфенов, Д.Дубровдор киришкен. Алгачкы Каракол уезддик шаардык милициясынын негизги милдеттери болуп мал уурулук менен курөшүү, азык-түлүк продуктыларын алып сатарлыкка жол бербөө, тоолуу аймактарда чыккан эпидемия жана эпизоотия очокторун басуу жана укук тартибин бузууга бөгөт коюу болуп саналган.

Ар бир иштин башталышы, анын уюштурулушу оңойго турбайт эмеспи. Анын сыңарындай, биринчи милиция кызматкерлери өзгөчө татаал жана оор кырдаалда эмгектенишкен. Алардын кесиптик билим деңгээли төмөн, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн ыкмаларын жакшы өздөштүрбөгөн, материалдык-техникалык жактан начар камсыз болушкан. Бирок ушундай татаал шартка карабастан милиционерлердин өз мекенин ички жана тышкы душмандардан көздүн карегиндей сактап калууда жана мамлекеттин бекемделишине, укук тартибинин чыңдалышына зор салымдарын кошушканын дал ушул архивдик документтер толук далилдеп турат. Буга далил, Каракол шаардык милициясынын алгачкы күндөрү кийим-кечектерге, курал-жарактарга өтө муктаж болгондугу жөнүндө Каракол шаардык уездинин 1-районунун милициясынын начальниги Мурзакеевдин 1919-жылдын 5-февралында Жети-Суу (Семиречье) облусуна берген рапортунда мындайча айтылат: «Бардык 20 милиция кызматкери кадыресе жылаңач жана коңултак жүрүшөт, Казармада болсо адам чыдагыс суук. Шашылыш чакырыктарда милиционерлер керектүү ок дарылар менен камсыз болушпайт. Иш кагаздарды жүргузүүгө канцелярдык буюмдар жок». Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышкан милиция кызматкерлерине, албетте, баа берүү керек.

Граждандык согуштун алгачкы күндөрү Каракол шаардык милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттеринен сырткары, аскер бөлүкчөлөрү катары өз мекенин коргошкон. 1919-жылдын апрель айынын аяк ченинде 1400 адамдан турган ак гвардиянын аскерлери көл өрөөнүндө өз бийлигин орнотуу максатында кол салышат. Аларды колдоп Приоброженский, Покровка, Сазановка (азыркы Түп, Кызыл-Суу, Ананьево айылдары) айылдарынын бай-манаптары чыгышат. Негизги алардын күчу Каракол шаарына багытталгандыктан, уезддик партиянын комитети 1919-жылдын 28-майында шаарда өзгөчө кырдаал жарыялап, аймактык коргоо аскер командованиясын түзүшөт. Аталган командованиянын курамында алгачкы милиция кызматкери болуп саналган Өмүралы Сасыкеев башында турган кыргыздардын ыктыярдуу атчан отряды кирген. Мындай кан дуу согушта бул атчан отряд душмандын мизин кайтарууда чоң салым кошушкан. Алар негизинен чалгындоо иштерин жүргүзүп, душмандардын күч бирдигин жана максаттарын билип, Кара-кол уезддик аскер Штабына маалымдап турушкан. Тактап айтканда, аталган отряддын мүчөлөрү, бир туугандар АсанжанаҮсөн Эшимбековдор, Ыбрай Дүйшалиев Түргөн капчыгайы менен сыртка апийим сатуучу катары барып, ак гвардиянын аскерлеринин ишенимине кирип, алардын арасында чалгындоо иштерин жүргүзушкөн. Алар тарабынан чогултулган маалыматтар душмандын аскерин жеңүүгө чоң өбөлгө түзгөн дүгү тууралуу Каракол шаардыкмилициясынын начальниги Константин Чепелевдин 1921-жылдын 12-ноябрында Семиреченский (Жети-Суу) жетекчилигине берген отчетунда көрсөтүлгөн.

Ак гвардиянын негизги күчүнүн талкаланышына карабастан, анын калдыктары Каракол шаарында Совет бийлигине каршы үгүттөө иштерин жүргүзүп, элди көтөрүүгө аракеттенишкен. Тузүлгөн мындай оор кырдаалда Семиреченский облчеканын Каракол уездинин Политбюросунун жетекчиси Шпарковскийдин колу менен 1921-жылдын 8-майында атайын буйрук жарык көрөт. Ал буйрукта Совет бийлигине каршы үгүттөө иштерин жүргүзүп жаткан элементтерге каршы күрөштү күчөтүү жана алар аныкталса 24 сааттын ичинде атып салуу талабы коюлат. Буйруктун негизинде атайын ыкчам топтор түзүлүп, алардын жетекчилери болуп Шайхула Кутуев менен Евгений Петиндер дайындалат. Алар жетектеген ыкчам топтор тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Совет бийлигине каршы иш жүргүзүп келишкен уюшкан топ ашкереленип, уюштурган адамдар атуу жазасына кириптер болушат.

1920-жылдар аралыгында айыл жерлеринде мал уурулук күч алып, бул багытта милиция кызматкерлери бир катар иш-аракеттерди турмушка ашырып турушкан. 1922-жылдын март айы боюнча Каракол шаардык милиция башкармалыгынын башчысы М.Бекбоевдин берген отчетунда мындайча айтылат: «1921-жылдын аяк ченинде, 1922-жылдын баш ченинде мал уурулук (конокрадство) кеңири кулач алып жатты. Көрүлгөн иш-аракеттин натыйжасында башкы мал уурулар (конокрады колго түшүрүлүп, мал уурулук азайды. Март айынын орто ченинде шаарда негизинен казак улутундагы 9 адамдан турган мал уурулар тобу аныкталды. Шайканын 10-мүчөсү болуп шаардык милиция башкармалыгынын начальнигинин политругу Ергибай Бериков болуп чыкты. Милициянын күчү менен аталган шайка зыянсыздандырылды»…

Ошол жылдары дагы бнр оперативдик кырдаалды курчутуп турган кылмыш агымы апийим өстүрүү жана аны сатуу болуп эсептелген. Апийимди сатып алуу үчүн Каракол уездине алыскы Персия мамлекеттеринен бери контрабандисттер келишчү экен. Бул көйгөйдү чечүү максатында Каракол уезддик шаардык милициясынын 1921-жылдын 30-апрелинде күжүрмөн буйругу чыгып, апийим өскөн жерлерди аныктоо. аны кайрадан айдап, ордуна буудай себүү жагын көзөмөлдөө милиция кызматкерлерине милдеттендирилет. Аталган буйруктун негизинде атайын отряддар түзүлүп, апийим өскөн жерлер изилденип, аны жоготуу боюнча бир катар уюштуруучулук иштер жүзөгө ашырыла баштант. Мындай аракеттерге баш ийгиси келбеген оппозициялык күчтөр ого бетер күчөп, куралдуу каршылык көрсөтө башташкан. Кытайда апийим менен соода жүргүзүп келишкен Жантай-Жакшылык, Карамурун, Бабай Кадырбаевдер өңдүү бай-манаптын тукумдары өзүнчө кол топтошуп, болыпевиктик өкмөт менен бир нече жыл бою күрөшүп келишкен. Тоолуу аймактардагы жоллорду жакшы өздөштүргөн басмачылар топтору түн ичинде жашынган жайыттардан түшүп келишип, Каракол үездинде Совет бийлигин орнотууга активдүү катышып жаткан активисттерди өлтүрүп, эл арасына коркунуч сээп турушкан.

Алар кыргыздардын ыктыярдуу отрядынын башчысы Өмүралы Сасыкеевдин аялын жана эки жаш баласын мыкаачылык менен мууздап кетишкен. Бирок кайраты күчтүү бул инсан Совет бийлигин орнотуудагы бет келген коркунучтан жалтанбастан өз ишин улантып, кийинчерээк 30-жылдардын башында Ош облусунун Гүлчө аймагында басмачылар менен салгылашууда баатырларча курман болгон.

Каракол уездинде түзүлгөн оор кырдаалды эске алган Семиреченский жетекчилиги Түркстан республикасынын башкы милиция башкармачылыгынан кошумча милиция жана аскер күчтөрүн жиберген. Аталган күчтөр Каракол шаарына көл аркылуу «Пионер» теплоходу аркылуу келишип, Совет бийлигин коргоого алышкан. Караколуездине чек ара күч бирдиги келгенден кийин, милиция кызматкерлери менен бирдикте басмачыларга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү үчүн атайын отряддар түзүлө баштайт. Алардын курамына тоолуу аймактагы жолдорду жакшы билген мергенчилер, тилди жакшы билген тилмечтер жана милицияга тартылган жергиликтүү калктын өкүлдөрү кирген.

Ак-Суу аймагында көп жылдар бою коркунуч жаратып турган Жантай-Жакшылыктын басмачылар тобун колго түшүрүүдө милиция кызматкери Кутан Торгоев чоң салым кошот. Ал Кытай менен чектешкен Ак-Суу, Жети-Өгүз жергесин жана Сырт өрөөнүн мыкты билгендиктен, аскер отряды менен бирдикте басмачылардын жолдоруна буктурмалар коюлуп, басмаылардын тобу толугу менен талкаланат. Ал эми Бабай Кадырбаев жетектеген басмачылар тобу да Совет бийлигин орнотууга каршылык көрсөтүп, айыл-кыштактарга кол салып, активисттерди өлтүрүп, кайрадан Сырт өрөөнүндөгү жашыруун жайларга качып кетип турушкан. 192_-жылдын июнь айында Б.Кадырбаевдин куралчан басмачылар тобу Жети-Өгүз аймагында орун алган «Заука» чек ара заставасына кол салып, андагы чек ара кызматкерлерин колго алышып, жетекчилерин адам чыдагыс кыйноого салып өлтүрүтпөт. Бул үрөй учурган кандуу окуя эл арасында нааразычылык туудуруп, басмачыларга болгон күрөштү ого бетер курчутат. Бабай Кадырбаевдин басмачылар тобун жоюу боюнча кылмыш илнктөө кызматкерлеринен жана жергиликтүү калктан турган ыктыярдуу топтор түзүлүп, кылдат жүргүзулгөн иш-аракеттердин натыйжасында Б.Кадырбаевдин чалгынчылары колго түшүрүлүп, алардын кол башчысынын Жуку өрөөнүндөгү жашырулн жайы тууралуу маалымат алынат. 1932-жылдын күз айларындаатаиын отряд Жуку өрөөнүнө чыгып, Бабай Кадырбаевдин басмачылар тобу толугу менен жок кылынат.

Каракол шаардык уездинде жана Ысык-Көл облусунда алгачкы жумушчу-дыйкан милициясынын уюлушуна салым кошкондордун Оиринчи катарына Ө.Сасыкеев, Ш.Кутуев. Е.Петин, К.Чепелев, К.Иманбаев, И.Лабыкин, М.Бекбоев, К.Исабаев жана башка адамдарды кошууга болот. Ошол каардуу жылдары милиция кызматына мезгил кайраттуу инсандарды ганатандап алгандыгына архивдик документтерди карап олтуруп эрксизден ынанат экенсиң…

Алар граждандык согуштун каардуу мектебинде тарбияланышып, Совет бийлигин түшүнүү менен кабыл алышкан жана анын талаптарын, идеяларын турмушка ашырууда бардык күч-аракеттерин жумшап аткарууга аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө айрым саясатчылар Советтик бийликтин идеялары келечексиз жана ойдон чыгарылгандыгын айтканы менен, ошол учурда жогорудагы коммунисттик идеология карапайым элдин таламына шайкеш келгендигин унутпоого тийишпиз жана тарыхта болгон окуялар факты боюнча кала бермекчи.

С.Усубакунов, милициянын майору

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *