“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин атасы АКШда 94 жаш курагында көз жумду

“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин атасы АКШда 94 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

“Атамдын өлүмү биздин үй-бүлөбүз жана ал өмүрү менен байланышкан көптөгөн адамдар үчүн өтө оор жоготуу болду”- деп жазган Гейтс. Ошондой эле ал, өлүмдүн чоо-жайын жазган эмес.

Ишкер өзүнүн кайрылуусунда аны жана жубайын адамдарга жардам берүүгө арноого үндөгөн атасы экендигин белгиледи.

Маалыматка ылайык, Гейтс 14-сентябрда АКШнын Вашингтон штатындагы деңиз жээгиндеги үйүндө оорудан улам каза болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *