Мигранттар Кыргызстанга 1.2 млрд. доллар которду

Чет жакта жүргөн кыргызстандыктар 2018-жылдын жарым жылында мекенине 1 млрд. 200 млн. доллардан ашуун каражат которду. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 110 млн. долларга көп. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482.2 миллион доллар которгон. Кыргызстанга келген бул сумманын 90%ын Орусияда жүргөн мигранттар которгон. Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 млрд. 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 млрд. 991 миллион долларды түзгөн.

Соңку күндөрдө Орусия, Казакстан жана Түркияда улуттук валютанын куну түшүп, эмгек мигранттарынын маянасына таасирин тийгизип жатканы айтылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *