Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Милиция: Бишкекте бардыгы тынч, талап-тоноо фактылары катталган жок
КООМ

Милиция: Бишкекте бардыгы тынч, талап-тоноо фактылары катталган жок

Бишкекте бардыгы тынч. Талап-тоноо фактылары катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери жана элдик кошуундар мыйзам бузуулардын жана кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызмат өтөштү.

“Жарандардын коомдук коопсуздугу элдик кошуундун жана коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Жеке жана коомдук менчик, ошондой эле стратегиялык маанилүү объектилер коргоого алынган” – деп айтылат маалыматта.

“АК-Тилек” чек ара постунда кезек күтүп турган 50 айдоочууга тамак-аш таратылды

Видео – Улан Примов, ЖК депутаты: “Бангладештен 80ге жакын Кыргызстандын жарандары өлкөгө кайтып келе албай жатышат”

Жалал-Абадда ыктыярчылар кан тапшырышты