Министр Батыралиевдин медицинага болгон кыянаттыгыбы?

Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы балдар ооруканасы жабылганы маалым болууда. Дүйнөлүк алкакты мындай кой, өлкөбүздө да каргыш тийгир бул дарттан жабыркагандар азайбастан күч алган шартта аталган жайдын жабылышы зарыл беле? Буга дейре маал-маалы менен жан кыйнаган дарттан жабыркагандар дарыланып турушса, бул жайдын жабылышы менен кургак учуктун ачык-жабык түрүн мектептеги балдарга жуктуруп ийгенден Кудай сактаса экен! Мындай көрүнүшкө министр Батыралиев кандай жооп узатат? Же орун басары Олег Горин экөө интригалардан өйдө көтөрүлө алышпай, тармактын биротоло тамтыгын чыгарып салмайын күтүп отура беребизби? Бул экөөнөн тез арада кутулмайын саламаттык сактоонун абалы жыргабай калды го.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *