Министр Чыңгыз Айдарбеков Интеллектуалдык менчик бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директору Фрэнсис Гарри менен жолукту

Бүгүн, 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жарансыздык маселелери боюнча БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынына катышуу үчүн Женева шаарына болгон иш-сапарынын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчик бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директору Фрэнсис Гарри менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ИМБДУ менен эки тараптуу кызматташтыгынын маселелери жана аны Кыргызстандагы программалар жана долбоорлор аркылуу мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Ф.Гарри эл аралык аренада интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды бекемдөө ишине өз салымын кошкондугу боюнча Кыргызстандын күч-аракеттерин жана өлкөнүн 2017-2021 жылдар мезгилине интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыргандыгын жогору баалады. ИМБДУнун башчысы Кыргызстан менен тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендигин баса белгиледи.

Министр Ч.Айдарбеков азыркы мезгилдеги экономикалык өнүгүү үчүн инновациялардын маанилүүлүгүн билдирип, Кыргызстан үчүн  ИМБДУ менен кызматташуунун өзгөчө ролун баса белгиледи, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнүн ийгиликтүү ишмердүүлүгүнө Уюмдун кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен ИМБДУнун компетенттүү органдары кызмактташуунун жаңы формаларын издөө жана   өлкөнүн  экономикалык өнүгүүсүндө интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын ролун бекемдөө  максатында,  өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *