Министр Чыңгыз Айдарбеков Индиянын экс-тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Индиянын экс – Тышкы иштер министри Сушма Сварадж айым менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маектин жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков С.Сварадж айымга, анын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыккан Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө салым кошкондугу үчүн
ыраазычылык билдирди.

Маектин аягында Министр Ч.Айдарбеков С.Сварадж айымга бекем ден соолук жана зор ийгиликтерди каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *