Министр эми паракорлор менен иштешеби?

Ажонун амири менен Транспорт жана коммуникация министри болгон Жанат Бейшенов мыйзамды сыйлайбы, же уруп ойнобойбу? Себеби, ал өзүнөн мурунку жетекчиликке 70 чакырым жолду салуу боюнча тендерде утуп чыгуу үчүн 520 миң доллар пара сунуштаган италиялык компанияга кайра эле аталган жолду салууга жол ачып берди. Негизи мыйзам боюнча пара берген тарап да жоопко тартылышы зарыл. Эмне үчүн Өкмөт ал компанияны жоопко тартпайт? Жок дегенде Бейшенов бул маселенин чоо-жайын элге түшүндүрүп айтып койгонго жарабады. Негизи Бейшеновдун бизнеси өтө эле чоң экени айтылып, аны ток адам катары сыпаттап жатышкан. Бирок бизнесин дагы да көбөйтүү үчүн Бейшенов деле таза иштебейт өңдөнүп калды көрүнөт. Чуу дегенде эле паракор компанияларды алдыга сүйрөп жатса, кайсы жакшылыкты күтсө болот? Эмне үчүн бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш унчукпайт? Өкмөт болсо го өз айласын таппай турган чагы…

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *