Минюстка Жылдыз айым барганы иш алдыга жылды

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында КР юстиция министрлигинин демилгеси менен “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбору менен биргеликте, министр Жылдыз Мамбеталиеванын катышуусу менен “Укугуңду бил” акысыз юридикалык жардам берүү иш-чарасынын кезектеги экинчи фазасы өз ишин улантты.

Бу жолу “чү” дегенде эле 12-октябрь күнү Ош жана Кара-Суу шаарларында, 13-октябрь Жалал-Абадда, 14-октябрь Баткенде, 17-октябрь Таласта, 18-октябрь Нарында, 19-октябрь Ысык-Көл облусунун Каракол шаарларында уланды.
Министрликтин алдыңкы юристтери, нотариустар, мыкты адистер менен биргеликте жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү ишмердигин Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу, Алымбек датка паркында саат 9.30да башталды.
Акцияны юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева ачып жатып төмөнкүлөргө токтолду: “Биз өз укугуңду бил” акциясын Кыргызстандын башка жерлеринде да өткөрүп келгенбиз. Мындан бир канча убакыт мурун Бишкек шаарында ушундай иш-чараны өткөргөнүбүздө, эки миңге жакын адам биздин мыкты адистерге кайрылып, тиешелүү жоопторго ынанышкан. Азыр Ош шаарында баштаганы турабыз, анан Кара-Суу шарында да өткөрөлү деген ниетибиз бар. Эми акциянын маңызын айта кетейин. Бүгүнкү күндө кайсы гана жерди албайлы, баардык нормативдик актыларды, мыйзамдарды биздин жарандар биле беришпейт. Өзүңдүн укугуңду коргош үчүн ошол мыйзамдарды билүү абзел. Ал мыйзамдардын нормаларын ким түшүндүрүп бере алат? Муну юстиция министрлигинде иштеген адистер гана жеткиликтүү кылып, ар бирине жалпак тил менен түшүндүрөт. Жөнөкөй метриканы алуудан баштаган, ажырашуу, чет элге чыгууда кандай документтер жана жер тилкесин трансформациялоодо кызыл китеп алуунун жолдору ж.б. у.с. маселелер ар бир жерде бар экенин билебиз. Мыйзамды билбегендиктен, нормативдик актылар боюнча тааныштыгы жок үчүн адамдар кайда барып, кимге кайрыларын түшүнүшпөй, кыйналып келишет. Кээде өздөрү коррупцияга жол ачып, акча сунуштаган жагдайлар жок эмес. Ошондуктан, бүгүнкү акция мына ушуга арналып атат. Биздин өнөктөштөрүбүз жөнүндө айтпай койбосок болбойт. Үч жылдан бери бирге иштеп келаткан Европа биримдиги биздин долбоордун алкагында Ош жана Кара-Сууга юридикалык борбор ачып, муктаж болгон жарандарга бекер консультация кылышат. Биз муну менен токтоп калбайбыз. Дагы да келип кетебиз. Акция жыл аягына чейин уланат” деди.
Андан кийинки сөздү “Кыргыз Республикасынында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси, Европа биримдигинин өкүлү Стефанос Кареклас алды. “Урматтуу шаар тургандары, Европа биримдиги Кыргызстанга такай жардам берип келет. Мындан үч жыл мурун сиздердин мамлекет ортосунда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө меморандумун кабыл алганбыз. Юстиция министрлиги менен биргеликте иш алып барууда мыйзам мамлекеттин баардык жарандарына жакын болушун каалаганбыз. Кызматташуунун алкагында юстиция министрлиги менен алдыга бир топ жакшы кадамдарды таштадык. Бүгүнкү акция менен токтоп калбайбыз” деди.
“Укугуңду бил” калкка акысыз юридикалык жардам берүү акциясынын жүрүшүндө мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, паспорт жана виза бөлүмүнүн өкүлү, шаардык ЖААК бөлүмүнүн башчысы, шаардык мамлекеттик нотариалдык конторанын ага нотариусу, юстиция башкармалыгынын башкы адиси келген жарандарга кол сунуу менен тиешелүү укуктук консультацияларды берип жатышты. Аны өз көзүбүз менен көрүп ынандык.
Чынында эле акция учурунда жарандардын ушу кезге чейин көйгөй жаратып келген бир топ маселелерине күбө болдук. Министр айым айткандай, жөнөкөй эле паспортту алмаштыруу жолун билбегенден баштап, Россияга барып иштеп келгенге кандай документтерди топтосо болорун айтып, кайрылышкан жарандар болду. Бир күндүн ичинде эле Ошто 1500дөн ашуун, Кара-Сууда 1000ге жакын адамдар кайрылды. Жалпы жонунан бир жума ичинде Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаары болуп, 10 миңге жакын адамдар юридикалык кеңеш алышты.
Эскертүү: Бүгүн Бишкек шаарынын Ош базарында “Укугуңду бил” акысыз жардам берүү акциясы саат 10:00дөн 15:00гө чейин юстиция министрлигинин юристтери, мамлекеттик нотариустар, мамлекеттик каттоо кызматынын адистери менен биргеликте юридикалык кеңештерин беришет.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *