Мирбек Асанакунов профсоюздун мүлктөрүн банкротко чыгарып өзүнө жаздырууга умтулуп жатабы?

Биздин гезит төмөндөгү маселе боюнча макалаларды бир канча жолу коомчулукка жеткирүү максатында чыгарган. Кыргызстан Федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов башчы катары алма-жутма, сатмакырма болсо, Жээнбек Осмоналиев деген жаш орун басары деле доллар менен миллионер болгонго үлгүрүптүр. Зми ал жигит боюнча гезиттин кийинки сандарында төкпөй-чачпай айтып беребиз, бул ирет “апан түшсө зэрден түшпөйм” деген алдамчылыкка бир канча жолу шектүү болгон Мирбек Асанакунов жөнүндө сөз кылалы. Ушул жылдын 19-мартында nazarnews.kg сайтында (http://www.nazarnews.kg/news/20479).

“Алмаз Атамбаев жана Раиса Атамбаева СДПКчыларга ачылган кылмыш иштерине тоскоолдук кылып жатат” деген макала жарыкка чыккан. Ал макала facebook соц. тармагында Ырысбек Өмүрзаков деген жарандын атынан жазылып чыккан (https:// www.facebook.com/yrysbek.omurzakov?fref=u fi&pnref=story). Ошол макалада Асанакунов жөнүндө бир топ кызыктуу маалыматтар бе-рилген, алар төмөнкү:

“Соңку беш жыл ичиңде козголуп, бирок белгисиз себептерден улам токтотулган кызматтык жана экономикалык багыттагы кылмыш иштери кайра жанданышы мүмкүн”, – деп жазат “Азаттык kg”. Бирок, Алмаз Атамбаев жана Раиса Атамбаеванын уруксаты жок КСДПчыларга ачылган кылмыш иштерине Баш прокурор, же анын орун басарлары тоскоолдук кылып, Раисанын буйруктарын аткарып, кол койбой, иштерди токтотуп аткандарын жашырууга мүмкүн болбой калды.

Мисалы, Профсоюздар Федерациясынын торагасы Мирбек Асанакуновдун үстүнөн бир нече кылмыш иштер ачылса да, прокуратура кандайдыр бир себептерден улам кол койбой иштерди кармап олтурат. Асанакунов Ысык-Көлдөн мамлекеттин акча кара-жаттарын сугунуп, “ап” деп койгонун укук коргоо органдары эле эмес, аларын үйлөрүн кайтарган иттер деле билип калышкан. 13-июль 2011-жьшы № 847-11-55, 166 ч.1,ч.2. п.З жана 214-беренеси менен козголгон кьшмыш ишти да Баш прокурордун биринчи орун басары Раиса Атамбаеванын буйругун толугу менен аткаралбай, башкача айтканда, ишти жаба албай токтоп турат. Анткени, Мирбек Асанакунов мамлекетибизге олчойгон суммадагы зыяндарды келтирген. Бишкек СЭЗди да Асанакунов жайлап, Раиса Атамбаева да “бармак жалап калган” окшойт. Профсоюздар федерациясында жасаган уурулук жана көз боёмочулуктары үчүн Мирбек Асана-куновтун үстүнөн дагы эле үч-төрт берене боюнча козголгон кылмыш ишти да Баш прокурордун орун басары токтотуп, ага кол койбостон, кайра, кылмыштарды изилдеп, кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдү коркутуп аткан кез”,- деп жазат өзүнүн “Фейсбук” баракчасына Ырысбек Өмүрзаков.

Ырысбек Өмүрзаковдун айтканында чындык бар. анткени бизге жеткен маалы-маттарга таянсак. чьшдыгында Асанакунов-дун кылыктары аны гүздөн-түз темир тордун ары жагна алып  турган иштер экен.  Мисалы мындан 2 апта мурун  Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын алма жутма

кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйыны өтүптүр. Ал жыйында, Асанакуновдун дасторконунун четине ыргытылган сөөк-саак, күкүмдөрүн алып көнүп калган абийири жок КПФын аксакал мүчөлөрү – “ляппай”, деп кол көтөрүп, Асанакунов ойлоп тапкан, мыйзамга туура келбеген “Курортторду Башкаруу башкармалыгын” жоюп салышын колдоп беришиптир. Мына профсоюздун азыркы жүзү, муну болсо карапайым эмгекчилер. катардагы профсоюз мүчөлөрү билишпейт. Аларды алдап, баштарын айлантып. Борбордук комитеттеринин төрага сөрөйлөрү каалагандай калчап, “эптеп үзүп алсам. жулуп алсам” деп, профсоюздарды паракорчулуктун борборуна айлантып салышты. Учурда керек болсо – “профсоюздук коррупция” деген түшүнүк пайда болуп калды. Азыр, профсоюздарда, өзгөчө Кеңеш мүчөлөрүнүн арасында кайсы бир маселелерди өткөрүш үчүн долларларды таратмай көнүмүщ адат орун алыптыр. Кырк жеринен кесилген колбасаны алгандай, Асанакунов анча-мынча нерселерди ыргытса, алар арткы буттарына туруп алып, шыйпандап сугун-ганына кубанып кол көтөрө беришет экен. Көрсө көнүп калышыптыр да. Бул боюнча ошол жыйында сөз сүйлөгөн Бишкектин чекисинде жайгашкан “Кыргызстан” санаториясынын директору Венера Маймендиева айтып жазып чыкты. Сөзүбүз куру болбош үчүн ал кишинин орусча жазганын кыргызчалап, үзүндүлөрүн бул макалага берели.

“Мирбек Асанакунов профсоюздук лидер эмес, ал коммерсант, аны профсоюздун көйгөйлөрү такыр кызыктырбайт, анын бир эле кызыкчылыгы бар, ал акча. Анын негизги максаты профсоюздун мүлктөрүн банкротко алып келүү, аларды ошол жол аркылуу чыгаруу”,- дейт Венера айым. “Андан тышкары, ал КПФын төрагалыгына дайындалып жат-канда, КПФын кеңешинин мүчөлөрүн алда-ган. Өзүнүн эмгек тажрыйбасы жөнүндөгү анкетасында 5 жылдан ашуун профкомдун торагасы болгон деген чындыкка жатпаган, жалган маалыматты жазып салган. Ал маалымат ага КПФын талаптарын жана тартипте-рин айланып өтүш үчүн керек болгон. Демек ал Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын торагасы болуп олтурганга толугу менен мыйзамдуу укугу жок”-, деп ошол жыйында агынан жарылыптыр “Кыргызстан” санаториясынын директору Венера Маймендиева.

Биз билгенден бул эми бери эле жагы экен. Тан калдыра турган жана оозду ачыра турган Асанакуновдун кылыктары бир канча пансионат жана санаторийлерди кескилеп, “сатыкка чыгарып” жатканында. Ошол профсоюздар мүчөлөрүнүн айткандарына караганда Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийин бир бөлүгүн, анын жанында жайгашкан колтойгон “Чолпон-Ата” эс алуу үйүн толугун менен өзүнө “мый-замдаштырып” тууралап чыгарып жатып-тыр! Андан тышкары, ошол эле Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Too” эс алуу үйүнүн дагы бир бөлүгүн сатып, “мыйзамдаштырып” жаткан кези дешет, ага кошумча болуп учурда “Кыргызстан” санаториясына дагы коз са-лып, аны бир жансыл кылуу максаты ачыкка чыгып калыптыр. Ошол үчүн “Кыргызстандын” мурунку директору Венера Мейменди-ва коңгуроо каңгыратып турган маалы экен.

Кыскасы, Мирбек Асанакунов кызмат-тан кеткиче, сатып алчууну сатып алып, жайлачуну жайлап,, алдай турган ач коз КПФын кеңешинин мүчөлөрүн басымдуу көпчүлүгүнүн колго алып, алардын суук кол-дору аркьшуу бир топ мүлктөрдү чыгарып алуу иштерин күпүлдөп жүргүзүп жатыптыр. Укук коргоо органдарына жана сотторго кайрылгандарын, алардын арыздарын ак-үй менен көк уйдөгү табакташ коллоочулары аркылуу жана анын өмүрлүк жары КСДПын депутаты Молдобекованын жардамы менен өзүнө чаң жуктурбай жаткан мезгили экен.

Булак: “Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *