Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Мирбек Атабеков: «Чоң ырахмат сизге! Мусулман инсан катары, ачууга алдырып сүйлөгөн үчүн кечирим сурайм»
САЯСАТ

Мирбек Атабеков: “Чоң ырахмат сизге! Мусулман инсан катары, ачууга алдырып сүйлөгөн үчүн кечирим сурайм”

Бүгүн, 16-октябрда Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматынан кетти. Анын кызматтан кетүү тууралуу арызы кечээ, 15-октябрда кечинде белгилүү болду. Мамлекет башчысынын милдети эми Садыр Жапаровго өттү.

Президенттин кызматтан кетишинен кийин КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Инстаграм баракчасында Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурады.

Чоң ырахмат сизге! Мусулман инсан катары, ачууга алдырып сүйлөгөн үчүн кечирим сурайм“, – деди ал.

Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан адамдардын арасында Мирбек Атабеков дагы болуп, трибунада сөз сүйлөгөн. Анда ал, “Досун саткан адам элин да сатат, жерин да сатат”, – деп айткан.

Эскерте кетсек, буга чейин телеалыпбаруучу Назира Айтбекова дагы кечирим сураган.

Өмүрбек Текебаев: “Бүгүн Аида Салянованы УКМК камап коюшу мүмкүн”

Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат! же “крышасы” күчтүүгө мыйзам да жокпу?

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда