Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Мирбек Атабеков, ырчы: “Аялга кол көтөргөн адамдын, эгерде таанышы же акчасы болсо, «жоопко тартылбай да калышы мүмкүн» деген шек бар”
КООМ

Мирбек Атабеков, ырчы: “Аялга кол көтөргөн адамдын, эгерде таанышы же акчасы болсо, «жоопко тартылбай да калышы мүмкүн» деген шек бар”

Сузакта болгон окуя бир гана коомчулуктун эмес, шоу-бизнес чөйрөсүндөгү инсандардын да көңүлүн бурду. Себеби алар дагы бул окуя боюнча өз пикирин айтышууда. Алардын арасында КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков дагы бар. Ал бүгүн, 15-июнда Инстаграм социалдык тармагына пикирин калтырган.

Анын айтымында, аялына кол көтөргөн адамдын таанышы же акчасы болсо, жоопко тартылбай калышы мүмкүн деген ойдо.

“Алсыз эркек гана аялзатына кол көтөрөт. Менин энеме кол көтөргөн адамдар, тилеке каршы бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын ала элек, эркиндикте жүрүшөт. Бул аялга дагы кол көтөргөн адамдын, эгерде таанышы же акчасы болсо, «жоопко тартылбай да калышы мүмкүн» деген шек бар. Биздин сотторго ишеничим жана үмүтүм жоголуп бараткансыйт”, – деди Атабеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады