Мирлан Бакиров, депутат: «Өкмөт мүчөлөрү көп тапшырмалар боюнча өз маалында так жооп бербей, берсе да, үстүртөн мамиле кылышууда»

Өкмөт жакында эки жолу – «Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык Бирлигинин Бажы кодекси боюнча чоӊ ката кетирүү менен, өзүнүн чабалдыгын көрсөттү. Ошондуктан, өкмөт мүчөлөрү депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерге маани берип, кемчилигин оӊдошу керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.

«Депутаттар өкмөттүн дарегине көптөгөн алгылыктуу сунуштарды айып, бир катар көйгөйлүү маселелер жаатында протоколдук тапшырмаларды берүүдө. Өкмөт ага көӊүл буруп, натыйжалуу чараларды көрүшү зарыл. Ошону менен бирге, депутаттардын көп тапшырмалары боюнча өз маалында так жооп берилбей, берилсе да, үстүртөн мамиле кылышканы байкалып турат. Мен ошол маселелерди тескеген төраганын орун басары катары өкмөт мүчөлөрү протоколдук тапшырмалардын тыкыр аткарылын талап кылам», – дейт депутат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *