Мирлан Бакиров, вице-спикер: “Кыргызстан үчүн 7 пайыздык шайлоо босогосу оптималдуу болмок”

Шайлоо жакындаган сайын 9 пайыздык босого чекти төмөндөтүүгө айрымдардын шаштысы кетип жатат. Акчалуулар жана бийликтин партиясына батып алгандар гана «бул ыкма Жогорку Кеңешке күчтүү партиялардын келишин шарттайт» деп, 9 пайыздык чекти калтырууну сунушташууда. Бирок, мындай жогорку босого чек дүйнөдө Түркиядан бөлөк бир да өлкөдө жок. Ошого карабай, эгер 9 пайыздык чек менен кала турган болсо, шайлоодо партиялар 180 миңден кем эмес добуш алышы керектигине карабай, сунушка макул болгондор аз эмес. Көпчүлүгү «адилеттүү жана эгемендүү Жогорку Кеңеш түзгүбүз келсе, 9 пайыздык шайлоо босогосунан баш тартышыбыз керек» дешет. Өтө эле жогорку босого чеги кайдан, кимдер тарабынан сунушталды, анын максаты жана артыкчылык-кемчилиги тууралуу вице-спикерди кепке тарттык.

– Мирлан мырза, 9 пайьрдык босого чек кандай максаттар менен сунушталган жана бул Кыргызстан үчүн натыйжалуубу?

– 6-чакырылыш ишин баштаган учурда эле «Республика – Ата Журт» фракциясы тарабынан демилгеленип, шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү сунушу киргизилген. Азыркыга чейин аны колдогондор да, макул эместер да болуп келет. Айрым фракциялар 5%дык босого чек болушун сунушташты. 9 пайыздык босого чегин конкреттүү бир партияга багытталган, же ылайыкташылган деп айта албайм. Бул келечекте парламентке ири партиялардын келишин камсыз кылат. Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 200дөн ашык. Бул рекорддук көрсөткүч болсо керек. Ошол партиялардын саны азайып, ирилишүүсүнө жол ачат деген негизде болгон сунуш. Туура айттыңыз, дүйнөдө биздин алдыбызда 10 пайыздык босого менен Түркия турат. Анан 9 пайыз менен биздин өлкө – Кыргызстан турат. Дээрлик Европа мамлекеттеринде, парламенттик башкарууга өткөн мамлекеттерде шайлоо босогосу төмөн: 1%.-3%-5% ж.б. Пайыздык босого болуш керек, бирок менин баамымда, 7%дык босого эң оптималдуу болмок. Жаңыдан саясатка аралашып келаткан партияларга да, жаштарга да ылайыктуу болмок. Анализдеп көрсөк, 40%дан ашык добуш алган партиялар босогодон өтпөй, сыртта калып калууда. Бул пикир келишпестиктерди, нааразылыктарды жаратууда. Азыр эми мыйзам долбоору бар, бирок талкууга чыга элек. Шайлоого дагы бир жыл убакыт бар. Коомчулуктун, эксперттердин пикирин, саясый кырдаалды эске алып, өзгөртүүгө барсак болот эле.

– Артка кайтарууга, башкача айтканда, босого чегин азайтуута мүмкүнбү?

– Албетте, мүмкүн. Мыйзам чыгаруу, кабыл алуу жана кабыл албоо Жогорку Кеңештин ыйгарым укугуна кирет.

– «Шайлоого дагы бир жыл бар» дейсиз, «күзүндө тарайт» деп да жатышпайбы?..

– Эч кандай тарабайт, негиз да жок. «Мына тарайт, ана тарайт» деп ар чакырылыш келген сайын айтыла берчү баркы жок сөз болуп калды го бул. Азыркы шарт ага жол бербейт. Саясый кризис дагы, негиз дагы жок. Биз конституциялдык мөөнөттө иштөөгө жана конституциялык мөөнөттө шайлоо өткөрүүгө көнүшүбүз керек. Ошондо гана стабилдүүлүк болот. Парламент тарабайт, пландалган мөөнөттө шайлоо өтөт.

– «9 пайыздык босого ошол бойдон калса, акчалуулар менен бийликтин партиясына кирип алгандар парламентке келип, мыйзам жазган депутаттар, чыныгы эл өкүлдөрү келбей калат» дегенге кошуласызбы?

– Мен ага кошулбайм. Себеби, парламентке депутаттар шайлоочулардын добушу менен шайланып келип, мандат алышат. Анан да эч бир шайлоо өнөктүгү каражатсыз болбойт. Болгону, шайлоо күрөөсү сыяктуу каражаттар көзөмөлгө алыныш керек. Добуш сатып алууларга бөгөт коюшубуз керек. Ошондо элдин добушун реалдуу алган гана партиялар утуп келет. Анүчүн айрым эрежелерди: мисалы, бюллетенде бир эле мезгилде партияга, ошол эле мезгилде конкреттүү талапкерге добуш берүүнү ишке ашырсак, ошондо «алтын», «бриллиант» деген тизмелер жоголуп, эл менен иштеген реалдуу кандидаттар, электораты бар партиялар өтүп келгенге мүмкүнчүлүк ачкан болобуз.

– «Азыр тизмелер такталып калды, мандат баасы 500 миң доллар деп аныкталды» дегенге эмне дейсиз?

– Ооба, коомчулукта ушундай кептер айтылып жатат. «Жок, андай эмес» деп кесе айтыш кыйын. Мандаттын баасын шайлоочулар өздөрү чечет. Шайлоо – шайлоочуларга беш жылда бир келе турган мүмкүнчүлүк. Демек, партияны тандап туруп, таразага салып, өз добушун беришет. Бара-бара акчага добуш берүү, «мандат баасы баланча» деген нерсе жоюлат. Бул нерсени бардык мамлекеттер басып өткөн.

– Канча партия келет деп ойлойсуз?

– Менимче, 2020-жылкы шайлоодо төрт партия утуп келет деп ойлойм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *