Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “Учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын турат”

Электр жарыгы кымбаттайт экен, эл чырак менен жашайбы?

Акылдуулар ар дайым элдин эсебинен жашап келгени ырас. Таңгөрүнүкү эми замандын “акылдуу эсептегичтери” дагы карапайым калктын канын кактабай соро башташыптыр. Кайда барба электр энергиясына чыгып келген суммаларга нааразы болгон эле адамдар. Чын эле буга чейин ашып кетсе

2 миң сомго жагып келсек, эми жанагы эсептегич­тери, колдонгон энергияны жөн эле эсептеп койбой, 3 эсеге көбөйтүп дагы берет окшобойбу. Жарандарыбыздын алды10 миң, арты 4 миң сомдон төлөп жатышат. Болбосо өлкөдөгү орточо айлык дагы бул сумманы төлөгөнгө жетпейт. Макул шаардагылар ыйлай-сыктай айлыгыбызды бүтүн карматсак дагы кутулат экенбиз. Ал эми айда-жылда акчаны бир көргөн айыл жергелериндегилер кантип жатат экен катыгүн. Балким колдо бар бирин-экин мал жанын сатып болсо дагы алгачкы жылдары чыдашаар. Андан кийин жарыгы жок илгерки чырак жакмай жашоого өтөт окшоп калабыз го. Себеби, өкүмият аке буга алымсынбай тарифти дагы көтөрө турган болуп чыкты. Болбосо тиги ЖоКедеги өнүгүүчү депутат Мирлан Бакиров деген мырза, өгүнү пар­ламент жыйынында, учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын экенин айтып чыкты го. Ошондой болсо, ортодогу пайданы көрүп жаткан “мителерди” тазалоо убактысы келген окшойт. Учурда эдектр энергиясына нааразы болгон аймактагылар көтөрүлүп жатыптыр. Бардыгы дал ушул маселеден башталчу эмес беле, деги кырдаал курчуп кетип жаз алды менен дүйнөгө дагы бир жолу уят болбосок эле болгону.

Булак: “Ачык саясат”

 

1 ой-пикир

  • Арапбек says:

    Биз 2010-жылы Бакиевди электр энергиясын 1-5 сомго чыгарып, уюлдук телефонго бюир жолку чалууга 5 сом кошкону учун кубаладык эле. Бугун ар ай сайын кышы менен орточо 1 сом 40= 1 сом 70 тыйындан айланды колдонгон ар бир киловаттын баасы. Ар бир акча жуктогон сайын уюлдук телефондор 11 свомдон алып коюуда. Бу бийлик менен аркысынын айырмасы жок болукп калды. Депутаттар бир дагы жолу уюлдук операторлор менен электер энергия тармагынын баааларына кызыгып коюшпады…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *