Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Биздин бюджет социалдык багыттагы бюджет, курулушка же өнүгүүгө чамабыз чак.”

 

  • Мирлан мырза айтсаңыз, жакында партиялашыңыз Гүлшат Асылбаеванын 9000 миң сомдук айлык акынын бар экенине  таң калганы депутат менен карапайым калктын ортосунда ажырым чоң экенин көрсөтүп, депутаттын айлык акы менен жан баккан эл менен баарлашып көрбөгөнүнөн кабар бербейби? Бул сөзү менен депутат айым партиядагы башка депутаттарга сөз тийгизип, бул чакырылыштагы депутаттар чындап карапайым жашоодон алыс бизнесмендер экенин айтып койгон жокпу?
  • Жогорку Кеңеште ар бир бейшемби күнү өкмөттүк саатта регламент боюнча ар түрдүү маселе айтылат. Ошол саатта депутат элдин көйгөйлүү маселесин өкмөткө жеткирүүгө аракет кылат.  Гүлшат Кадыровна эмне деп айтканы боюнча өзүм уккан жокмун. Ал күнү мен жумуш сапары менен региондордо жүргөм. Бирок мен терең ишенем, ал киши мааниси 9000 сомго жетпеген айлык менен мугалимдер же социалдык кызматкерлер кандай жашап жатат деген мааниде айтса керек деп.  Көп учурда журналисттер тарабынан же котормодон болобу туура эмес айтылып калган учурлар көп болот. Мен ушундай гана ката кетти го деп ойлойм. Карапайым калктын арасында   орточо айлык акы канча экенин ар бир депутат билет. Анын үстүнө алгач депутат болуп келген ким гана болбосун алгачкы жылдары бир топ адашууларга барышат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну менен ал башка депутаттарга көлөкө түшүрдү деген туура болбой калат.
  • Ар бир депутат карапайым калктын арасында орточо айлык акы канча экенин билет деп айтып жатпайсызбы. Мамлекетибиздеги кайсы тармакта иштегендердин айлык акысы эң төмөн жана жаңы бюджетти кароо жүрүп жаткан экен, айлык акынын көбөйүшү боюнча сөз болдубу?
  • Тилекке каршы айыл чарба, суу чарба, токой чарбасындагылар, жалпы чарба кызматкерлеринин айлык акысы чындап аз. 3000-4000 сом айлык акы алган мекендештерибиз жок эмес.  Статистикага таянсак, республика боюнча орточо айлык 200 доллардын тегереги.  Ушундай эле эмгек акы боюнча быйылкы 2017-жылдын бюджетин бекитүү алдында турабыз. Жаңы бюджетти кароо, талкуу учуру болуп жатат. Биз  биринчи окууда суроо бергенде өкмөт айлык акыны көтөрүү боюнча каражат каралбаганын билдирди. Демек бул айлык акы көтөрүлбөйт,  ушу боюнча калды дегенди билдирет. Биз качан коррупцияны жое алабыз? Алган акысы жашоосуна жетип, турмуш-тиричилигине, бала-бакырасын бакканга, той-топурга барганга жана керектүү буюмун, оокатын сатып алганга ашып турганда гана коррупция деген нерсени жое алабыз. Мисалы  салык кызматкеринин айлык акысы 7000-8000 сом болсо,  биз ал адам таза иштейт деп кантип үмүт кылабыз. Эгер анын эки баласы бакчага барса, алган акысы ошол эки баласы үчүн төлөнүүчү акчага кетип жатпайбы. Эмгек акыны көтөрүү үчүн бюджетке чоң күч келет, ал үчүн бюджет чоң болушу керек. Мисалы мугалимдердин айлык акысын бир жылдыгын көтөрүү үчүн 10 миллиард сом талап кылынды. Биздин бюджет социалдык  багыттагы бюджет. Көпчүлүк каражат эмгек акыга,  пособиеге жумшалат. Ал эми курулушка  же өнүгүүгө чамабыз чак. Бул реалдуу нерсе.
  • Депутаттар мектептеги башталгыч класстын балдарына берилүүчү ысык тамакты жоюп, ага кетчү каражатты окуу китептерине жумшайлы деп демилге көтөрүп жатпайбы. Сиздин буга  пикириңиз кандай?
  • Башталгыч класстарга тамак  берилет деп  айтылганы менен бир стакан сүт же чай, анан бирден булочка берилет. Шаардын кээ бир мектептеринде гана ысык тамак бар деп жүрөбүз. Жалпысынан бул бир булочка менен бир стакан сүт үчүн жылына   450 млн. сом  каражат бөлүнөт. Кеп бул акчаны үнөмдөөдө эмес. Маселе башкада.  Биз фракциянын отурумунда бул боюнча талкуулаганбыз.  Айыл жергесинде жеткирилген булочкасы болобу же ошол эле сүттү берүүдө болобу, ал канчалык деңгээлде сапаттуу, ал тиешелүү лабораториядан өткөнбү, бул жагынан чоң маселе жаралып келет. Сүттү жылытууда, булочка жасоодогу техникалык маселелер чыгып келет. Келбеген бала үчүн да табель толтуруп, сол чөнтөккө салып койгон  учурлар жок эмес.
  • Айыл жергесинде айрым окуучуларга бул тамак дем берет, керек болсо ошол тамакка кызыгып сабактан калбайт деген сөздөр да жок эмес. Деги эле бул тамактан үнөмдөлгөн акчага  окуу китептери алынып, чындап ошол эле окуучуларга  жумшалып калабы?
  • Туура, алыскы региондордо ошол бир стакан сүт менен булочка да балага стимул болуп,  анын окуусуна дем берип коет. Бирок биз бул каражатты жөн эле алып коюуну эмес, ошол эле балдардын жакшы окушуна шарт түзүү үчүн, алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн жумшасак деп жатабыз. Бул акча  окуу китептерге  эмес,  стипендия катары каралса деген менин жеке сунушум бар. Окуу китептерине башка каражат бөлүнөт. Бул каражатты балдардын окуган билимине жараша стипендия катары каралса жакшы болмок.  Анткени айыл жергесиндеги бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тесттен  жакшы  бал ала албай  калышып окууга өтө албай, мигрант болуп чет жерге иш издеп чыгып кетип жатышат. Миграциянын агымын күчөтүп жатабыз. Албетте,  бюджетибиз  жетишээрлик деңгээлде болгон болсо сүт менен булочка эле эмес,  керек болсо бир жумада бир жолу рационго  балык азыгын киргизсек да болмок. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  статистикалык  маалыматы боюнча бир адам  бир жылда 17-22 кг балык жеш керек болсо,  бизде ал өтө төмөн,  керек болсо жок.  Китеп маселеси ата-эненин капчыгынан деле жабылып келет. Билебиз мектептин  ремонту, окуган окуу китептери ата-эненин эсебинен алынаарын. Биз ата-энелер баланы мектепке бергенден кийин ал окуучу окууну жакшы бүтүп, тесттен өтүп, жакшы балл алып, окуу жайга өткөнгө чейин көз салып турушубуз керек. Ага мамлекет да мүмкүнчүлүк, колдон келген жеңилдик түзүп бериши керек.
  • Акырында айтсаңыз, азыр баш мыйзам боюнча кызуу талкуулар болуп жатпайбы.  Жакында эле “Референдумга – жок” кыймылынын өкүлдөрү курултай өткөрүү боюнча Улуттук филармонияга, Спорт сарайына жана Опера балет театрынан орун ала албай жатышканын айтып чыгышпадыбы. Опера балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов: “Театр деген маданияттын очогу, саясий жыйын өтчү жер эмес”, – деп каршы болгонунун себебин айткан экен. Сиз буга кандай дейсиз? Шарап ичип, туулган күн өткөргөндөргө мүмкүн болуп, ал эми  курултай үчүн эшигин жабуу – оппозиция өкүлдөрүнө  карата  ачык кысым эмеспи?
  • Туура, азыр баш мыйзам боюнча парламент ичинде дагы, сыртында дагы бир топ кызуу талкуулар болуп жатат. “Референдумга – жок” кыймылы тууралуу айтсам, ар бир жаран референдум боюнча өзүнүн пикирин билдирүүгө акылуу. Эгер алар мыйзам чегинде бийликке орун-очок берүү боюнча кайрылган болсо, жергиликтүү бийлик алардын маселесин чечип берүүсү шарт. Бул маселе саясий маселе болуп турат. Театрдын жетекчисинин айтканы жалпысынан туура. Бирок чынында ал жакты шапар тээп, шам жагышып романтиканы элестетип таптакыр театрга туура келбеген кечелерди өткөрүп келгендери ырас. Азыркы шартта баш мыйзамды кабыл алуу үчүн талкуу керек.  Бул кыймылдын мүчөлөрү мыйзам чегинде кайсы бир имаратта өз жыйындарын өткөрүүнү суранып жатышса, алардын нааразылыгын ого бетер күчөтүүнүн кереги жок. Себеби бул коомчулук арасында нааразычылыктарды күчөтүшү мүмкүн. Биздин театрлар болобу же башка коомдук жайлар болобу, эл тарабынан суранычтар болгон болсо  бериш керек. Бул жерде эртеңки мыйзам боюнча талкууларды уюштуруш керек. Жогорку Кеңеште тиги же бул маселе боюнча кандайдыр бир тынчтык  митингдер болсо мен депутат катары чыгып, алар менен баарлашып,  зарыл болсо алар менен тегерек стол үстүндө маселелерин чечип жүргөн учурлар жок эмес. Биз мындай митингдерден сабак алып, демократиянын жолу менен алдыга жылышыбыз абзел.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *