Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери: “Өкмөт парламент менен тыгыз кызматташтыкта иштеди”

Өткөн жумада парламенттик комитеттерде өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө талкуулар башталды. Кутулуп жаткандай, Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин ишмердигине 25-апрелдеги жалпы жыйынында баасын берет, бирок, комитеттердеги дебаттар көрсөткөндөй, эл өкүлдөрүнүн бөлүгү жана көпчүлүк коалициянын катышуучулары жалпысынан өз позицияларын аныкташты: алар өкмөт отчёт бериле турган жылы жемиштүү, натыйжалуу жана таасирдүү иштеди деп эсептешет.

Өкмөттүк отчёт боюнча дебаттардын жагдайын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров чечмеледи.

—Мирлан Исакбекович, бир нече күндөн кийин министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин дайындалганына туура бир жыл болот…

-Учурда премьер өкмөт үчүн оор кырдаалда келди. Саясий кырдаал курчуп, Бишкек ЖЭБинин айланасында маселелер көтөрүлүп, депутаттык комиссияларда талаштар жүрүп жаткан мезгил болду. ЕАЭБ техникалык регламенттери күчүнө кирип, Кыргызстандын фито-санитардык, ветеринардык багыттардагы жоопкерчиликтеринин мөөнөтү аяктап баратканы абалды ого бетер татаалдантты.

—Өкмөт кырдаалды көзөмөлгө ала алдыбы?

—Албетте. Ал гана эмес, өкмөт ИДПнын 3,5% өсүүсүн камсыз кыла алды, социалдык-экономикалык жагынан жана инвестициялык жагымдуу чөйрө түзүү өңүтүнөн алганда макроэкономика боюнча адистер бул көрсөткүчтүн маанисин жакшы билишет. Мисал катары айыл чарба иштерине кеңири токтолсом. Агрардык чөйрөдө ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүүсү 2018-жылы 12%ды түзгөн. Бул сан көп нерсе тууралуу айтыла турат. Бул сезилерлик ийгилик өкмөттүн бир жыл ичиндеги тармакты колдоо боюнча тутумдуу чараларды көргөнүнө байланыштуу, жана ал өзгөчө белгилей кетсем, парламент менен өз ара тыгыз кызматташтыкта иштеди. Үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, дотациялоо, кооперативдерди өнүктүрүү боюнча мыйзамдар кабыл алынды.

Жаңы укуктук ченемдердин күчүнө кириши менен фермерлердин ишинде эмне өзгөрөт? Бир нече маселени айтайын. Айдоо жерине буга чейин көп жылдык бак-дарактарды айдоого уруксат берилчү эмес. Учурда тыюу алынып салынды: ошентип айылдык жашоочулар жогорку рентабелдүү жана рынокто суроо-талап бар продукцияны өндүрүү мүмкүнчүлүтүн алышты.

Кооперативдер боюнча мыйзамды алсак. Биз баарыбыз агрардык тармакты өнүктүрүүнү микро чарбалардын басымдуулук кылуусу кармап жатканын түшүнүп турабыз. Эми ири кооперативдерди, ири товардык өндүрүштөрдү уюштуруу сезилерлик түрткү боло алат деген чыныгы ишеним пайда болду.

—Өкмөттүн ишинде кандай кемчиликтер кетирилди?

—Мен башкача айтаар элем: министрлер кабинети белгиленген иштердин кайсыларын аткара албай калды? Өзүңүздөр билгендей, биздин бюджет социалдык тармакка багытталган, казынада өнүгүү үчүн акча кыйла жетишсиз. Ушундан улам тышкы инвестицияларды тартуу маанилүү болуп саналат. Буга байланыштуу отчёт бериле турган жылы инвестициялардын келиши 7,6% кыскарганы бизди албетте өкүндүрөт. Мында өкмөттүн күнөөсү барбы? Менимче жок. Мунун себеби өлкө бийлиги, президент дагы, премьер-министр дагы жана парламент дагы карыздар, насыялар боюнча келишимдерди иштеп чыгууга өтө тыкыр мамиле жасап калганында. Натыйжада чет элдик финансы уюмдарынан, чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каражаттарды алуу шарттарына талаптар кескин күчөтүлдү, Кыргызстан ар кандай баада жана ар кыл шарттарда тышкы карыз алуудан четтеп бара жатат.

—Көпчүлүк коалиция өкмөттүн ишине оң баа берди.

—Ооба, бирок бул ушуну менен ишти токтотуп коюу дегенди билдирбейт. Алдыда аткарыла турган иштер арбын. Мындан ары карай биргелешип иштеген шартта гана, өкмөт жана парламент бирге иштөөнү улантып, өлкөнү өнүктүрүү боюнча милдеттерди конструктивдүү түрдө чечсе гана биз көрүнүктүү натыйжаларга жетише алабыз.

Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *