Мирлан Эсенгулов деген “академикти” укпаптырбыз…

Кыргызстанда илимий даражасы барлар четтен чыгат. Салыштыруу менен айтканда өтүкчү менен койчуда да кандидаттык даража бар экени жалган эмес. Ал эми үстүндө үйү, астында машинеси бар «илибой» Кыргызстандык илимдин доктору. Албетте, академиктерибиз азыраак. Бирок, Талас шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенгулов интрига уюштуруу боюнча «академик» даражасы бар экенин билбептирбиз. Көрсө бул эргул Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековду жогору жактагыларга жамандап кирип, аны кетирүү үчүн Талас шаардык кеңештин депутаттарынын ортосунда интрига уюштуруп келгени жашыруун эмес. Бир эмес, 4 жолу мэр Жусупбековду кетирем деп Эсенгулов «мыш» болду. Уялбайт дагы экен.

Интрига жаатында мынчалык чеберчиликке жетиш үчүн билимди кайдан алып, тажрыйбаны кайдан топтогонун азырынча билбейбиз. Билгенибиз, «вирустардан» арылмайын жыргабай тургандыгыбыз анык.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *