Видео – Депутат Канатбек Керезбеков депутат Мирлан Жээнчороевди эмоцияга алдырбоого чакырды

Бүгүн, 14-майда ЖКнын жыйынында депутаттар парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап жатышат. Анда бир катар депутаттар бул мыйзамды карап чыккан тармактык комитеттин төрагасы Канатбек Керезбековдун мыйзам бузгандыгын айтып, кээ бири анын отставкасын талап кылды.

Депутат Мирлан Жээнчороев бул мыйзам долбоорун кароо күн тартибинде жоктугун, мындай оорчундуу маселени комитеттин кароосунда дага болгон эместигин айтты.

“Канатбек Керезбекович, мамлекетке чоң өзгөрүүлөрдү алып келе турган мыйзам боюнча алгач коомдук талкуу, отурум өткөрүш керек. Сиз сурамжылоо жолу менен эле депутаттарга бир-бирден кол койдуруп, өткөрүп келе жатасыз. Босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун ноябрда коомдук угуу болуп, 6-декабрда төрагага жана сизге жөнөтүлгөн. Сиз регламентти бузуп отурасыз, токтоосуз отставкага кетишиңиз керек. Мыйзамды сиз бузуп жатасыз. Сиз юридикалык илимдеринин докторусуз. Интеллигенттүү адамдар юридика илимдеринин доктору болот, а сиз болсо андай атты уят кылып, көптөгөн академиктердин бетине кара көө жаап жатасыз. Босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун адилеттүүлүк үчүн четке кагыңыз же  талкууга коюңуз. Силердин комитетте фракциялардын жетекчилери, вице-спикерлер отурат. Отурум өткөрүп, чечим кабыл алып, андан кийин чыгарсаңыз болмок. Андан кийин 7%дык босогону колдоп берет элек. Бирок, регламентти одоно бузуп, алдын ала материал таркатпай туруп, бүгүн мыйзам долбоорун тез убакта киргизгениңиз этикага туура келбейт”, – деп билдирди депутат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбеков депутат Мирлан Жээнчороевге эмоцияга алдырбоону суранып, регламенттин бузулбаганын, ал бир гана анын чечими эмес, комитеттин чечими экенин билдирди.

“Мирлан Канатбекович эмоцияга алдырбаңыз, эч кандай регламент бузулган жок. Бул мыйзамды 22 депутат жазган. Бул менин чечимим эмес, комитеттин чечими. Комитеттин 3 мүчөсү мыйзамдын демилгечилеринин арасында бар. Сиз менен да эки-үч жолу жолугуп сүйлөшкөм. Өкмөттүн корутундусу бир убакта келип калса, эки мыйзам долбоорун чогуу талкуулайт элек деп ойлогонбуз. Андай болгон жок. Азыр каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу 2-апрелде, сиздердин мыйзам долбоору боюнча 12-майда келди. Жалпы 22 демилгечи бар, анын ичинде комитеттин мүчөлөрү дагы бар. Алар мыйзам долбоору каралбай жатат деп талап коюшкан. Ошондуктан, ӨА бүткөндөн кийин 11-майда сурамжылоо жолу менен кабыл алынган” – деп билдирди Канатбек Керезбеков.

“Сиз, (Мирлан Жээнчороев) мыйзам долбоору өкмөткө жөнөтүлгөнүн билгенсиз. Өкмөттөн дагы апрель айында, карап жатабыз, жакында жооп беребиз деген кат келген. Ошонун баарын билип туруп, аны биринчи жолу уккандай, мени интеллигенция, илимдин доктору деп намысыма шек келтирбеңиз. Мунун маселеге эч кандай тиешеси жок” – деди Канатбек Керезбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *