Мирзиёев Каримовдун атын түбөлүк калтыруу тууралуу токтомго кол койду

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 25-январда өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун атын түбөлүккө калтыруу тууралуу токтомго кол койду.

Ага ылайык, Каримовдун ысымын өлкөдөгү бир катар мекемелер менен объектилерге, анын ичинде Ташкент мамлекеттик техникалык университетине, Асакадагы автоунаа заводуна, Ферганадагы Өнөр сарайына, Ташкент эл аралык аэропортуна, ошондой эле Ташкенттеги, Каракалпакстандагы жана өлкө облустарындагы борбордук көчөлөргө коюу каралган. Андан сырткары Мирзиёев тарабынан кол коюлган документте Ислам Каримовдун сөөгү жерге берилген Самарканддын аймагына мемориалдык комплекс тургузуу зарылдыгы айтылат.

Өткөн жылдын соңунда Өзбекстан бийлиги Ислам Каримовдун айкелин жаратуу үчүн сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында тандалган эстелик Ташкентте, Ислам Каримов туулуп-өскөн Самарканд жана ал Кашкадарыя облусунун жетекчиси болуп иштеген Карши шаарларында тургузулат.

Шавкат Мирзиёевдин жаңы токтомуна ылайык, Өзбекстанда жыл сайын 30-январда Каримовдун туулган күнү белгиленет. Андан сырткары 2-сентябрь туңгуч президентти эскерүү күнү деп жарыяланды. Өзбек бийлиги мамлекеттик ММКларды Каримовдун атын түбөлүк калтырууга байланышкан иш-чараларды чагылдырууга милдеттендирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *