“Мистер” Мискенбаев “мыш” болду: “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”

Аксакалдарды алдап, студенттерди зордоп жыйнаган жыйын

17-мартта Аксы окуясынын 16 жылдыгына арналып А. Атамбаевдин жеке менчик “Форум” ишканасынын алдында өткөрүлгөн иш чарада “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин төрагасы, КСДПнын “кадырлуу” экс-депутаты М. Мискенбаев өзүн кайрадан саясат сахнасынан көрсөттү. Ал өлкөбүздөгү жаңылануу менен революциялардын башаты болгон Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү быякта калып эле президенттин иниси, ЖК депутаты А. Жээнбековдун депутаттык мандатын тапшырууну талап кылды. Кызыгы, 16 жылдан бери Аксы окуясы тууралуу эки ооз сөз айтпаган Мискенбаев бул сапар атайын жыйын уюштуруп жибергенинде болуп жатпайбы…

Айрым маалыматтарга ылайык, президент жана депутат Жээнбековдорго карата уюштурулган “чабуулдун” артында А. Атамбаев турат жана “башкы режиссёру” Ф. Ниязов болуп саналат. Өз алдынча сүйлөмөк турсун, ойлоно да албаган “бүгүнкү күндүн баатыры” М. Мискенбаевди “Форумда” сүйлөтүп, ал жыйынга атактуу ЖОЖдордун ар биринен 70тен студенттерди зордоп алып келген жана белгилүү диктор, Аксакалдар кеңешинин төрагасы А. Чикеев баш болгон карыяларды алдап чакырышкан. Бул тууралуу диктор өзү төрт минута сүйлөгөн видеосу коомчулукка жарыяланды. Ал эми студенттерди мажбурлап алып келгендиги да тийиштүү документтер менен далилденүүдө. Мискенбаевдин тар чөйрөнүн кызыкчылыгын колдогон, тарыхый эле эмес саясий жыйынга студенттерди буйрук берип жиберген Билим берүү министрлигинин адамы токтоосуз иштен алынышы керек. Мискенбаевди сүйлөтүп, көшөгөнүн артында көлөкөсүн көрсөтпөй олтургандын кылыгына калың эл түкүрүп турган чагы.

Бизде көп нерсе көмүскөдө калбайт. Мискенбаев окуган текст алгач орусча жазылып, орусча окуганды билбегендиктен, өкмөттөгү бир спичрайтер түнү менен кыргызчага которуп берген тексттен башын көтөрбөй: “Президент Сооронбай Жээнбековду үй-бүлөлүк-кландык, авторитардык башкарууну калыбына келтирүүнү эңсегендерге моюн сунбоого чакырабыз. “Тууган-урук”, “ака-үка” дегенди токтотуш керек, урматтуу туугандар. Мыйзам баарыбызга бирдей. Алмаз Атамбаевдин күчтүү, бирдиктүү жана эркин Кыргызстанды курууга багытталган саясий курсун улантууну Жээнбековдон талап кылабыз”, — ​деп окуду. Андан ары А. Жээнбеков агасы президент болуп калса, мандатын тапшырууга убада бергендиги тууралуу жомокту саймедиреди. А. Жээнбеков ошол убаданы Мискенбаевге гана бергендей.

Анын мындай жалаасын башкаларды кой, ошол эле КСДПнын аттуу-баштуу депутаттарынын бири Р. Момбеков жокко чыгарып, курулай айгай салуу жана чагымчылдык катары баалап, “Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тууралуу алдын ала эле айгай сала бергендин өзү туура эмес. Бул чагымчылдык. Эгерде ошондой маселе жаралып, президенттин жакындары бийликке аралашып, эл арасында аңыз кептер чыга баштаса, ошентип айтса бир жөн эле. А. Жээнбеков — ​катардагы депутат. Ал комитетти же фракцияны да башкарбайт. Анан ал агасы менен кошо бийлик жүргүзүп, мамлекетти башкарып жатканы тууралуу сөз жок. Анан дагы Асылбек Шарипович өзү “агам президент болсо, мандатымды тапшырам” деп кимдир бирөөгө убада бергенин укпаптырмын”, — ​деп агынан жарылды. Экс-спикер Ч. Турсунбеков деле А. Жээнбековдун агасы президент боло турган болсо, депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө убада бергенин укпаганын айтты. Ушул эки бакандай депутат укпаган сөздү “узун кулак” М. Мискенбаев кайдан уга койгондугу таң каларлык.

Көрсө, иттин өлүгү башка жакта көмүлүп жатыптыр. Экс-президенттин тегерегиндегилер А. Жээнбековду депутаттык мандатынан ажыратуу менен президенттин Парламенттеги колдоосунан ажыратууга жанталашып атышкандай. Ал колдоону жок кылыш үчүн азыр Атамбаев жана анын командасына анын мандатын алуу абдан маанилүү маселе. Асылбек Жээнбеков — ​президент өз алдынча саясат жүргүзүп, иш алып барышы үчүн парламенттен күч топтоп бере ала турган саясатчы катары саналат. Ошондуктан Атамбаев Асылбекти мандаттан ажыратууну көздөөдө.

Албетте, экс-президентке жана анын жакындарына С. Жээнбековдун “тил албай”, өз алдынча жасаган кадамдары жакпай жатышы мүмкүн. Анткени президент Коопсуздук кеңешинде Атамбаев дайындап кеткен күч түзүмдөрүнүн башчыларын сындап, коррупция менен күрөшчү жетекчилердин өздөрү ага белчесинен малынып калганын айтпадыбы. Бул кадамдары А. Атамбаевге жана анын коррупциялашкан командасына урулган катуу сокку болуп саналат.

КСДПнын жашыруун жыйыны максатына жетпеди

20-мартта КСДП фракциясы чукул жыйын өткөрүп, ага азыр бул партиянын штабын жетектеп жаткан Ф. Ниязовдун катышкандыгы жана журналисттер киргизилбей, жабык өтүшү бир топ түкшүмөлдөрдү жаратты. Көпчүлүк анда А. Жээнбековду мандатынан ажыратуу маселеси каралат деп болжошкон.

Ф. Ниязов 5–6 “апрелчини” чогултуп, А. Жээнбековго каршы чыгышын өтүнгөн экен. Бирок алардын М. Мискенбаевден башкасынын бири дагы макул болбой койгон. Ф. Ниязов, Жээнбековду Бакиевдерге салыштырып, элди коркутсак, баары мандатын ажыратууну колдоп кетет деген арам ою үзгүлтүккө учураганы, КСДПнын жыйынына А. Жээнбеков жоон топ депутаттардын коштоосунда кирип келгенде Ф. Ниязов адатынча шыйпаңдап тура калып көрүшөйүн дегенде байкамаксан болуп өтүп кетип, аябай осол болгону, КСДПчы депутаттар Ф. Ниязовдун сунушун колдобой, каршы чыгышканы Ниязов менен анын боссу таасирден ажыраганы да. Депутаттары телефон аркылуу “Эгер, мандат жөнүндө сөз болсо, анда жыйынга катышпайбыз. Кворум түзүп бербейбиз!”, — ​дешкени, биз айткандай болот дегендердин күнү бүтүп баратканынан кабар береби?

А. Жапаров

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *