Митал Шариповдун жаркын элесине арналып

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо оор атлетика боюнча КР эмгек сиңирген спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктады. Ачылыш аземде 1980-жылкы олимпиада жана төрт жолку дүйнө чемпиону, биздин сыймыгыбыз Каныбек Осмоналиев агабыз катышып, жаш спортчуларга “Биз кыргыз спортуна ат көтөргүс салым кошкон жана кыргыз спортун даңазалаган адамдардын ысымдарын эч качан унутпашыбыз керек. Силерди көрүп бала чагым эсиме түшүп атат. Залга биринчи жолу башбакканымда олимпиада чемпиону болом деп элестеткен эмесмин. Бирок, ошол жогорку наамга жетиш үчүн канчалаган маңдай тер агыздым. Талыкпас эмгегимдин натыйжасы гана мени атактуу кылды. Кыргыз спортунун келечеги силерсиңер!” деди.

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *