Митингдер кыргыздын мүнөзүн өзгөрттү

Митингдер бизге Бакиевди берди, Атамбаевди берди, эки жолку чоң морадерчулукту жана 86 адамдын ажалын берди бирок, бир да сабак бербей койду. Митингдер кыргыз элинин аң-сезимине эркин ойлонууну же демократиялуу ой жоруудан мурда агрессияны көбүрөөк сиңирди, бири-бирин сыйлабоону көбүрөөк үйрөттү, чындыктын, мыйзамдыктын алдында тоготпостукту жана бетбактыкты үйрөттү.

Митингдер ошого көндүрдү. Кыргыздын мүнөзү өзгөрдү. Чындыкка эмес, аянттагы элдин санына, караанына, кыйкырыгына карап баа бергенге үйрөттү. Эл баарыдан мурда кара күчкө жүгүнүп калды. Митингдер кыргыздын касиетине ОБОНчулардын образын кошту, танк менен тепсетсең да кеп сиңире албаган ажаандыкты үйрөттү. “Бул эне эмес, бул кыргыз эмес!” деп кыргыздар кыргызга түкүрдү. Кыргыздан кыргыздар түңүлдү. Эзелкинин уй мүйүз тарткан жыйындарынын, туура сөзгө сынган касиеттин ашмалтайы чыкты! Анткени эки тарап уй мүйүз тартып бирикпейт, анткени туура кепке сынбай калдык. Түндүк менен түштүккө эмес эми “тигилер” менен “биздикилерге” бөлүндүк. Кыргыз короосуна ушундай жаңы бороон кирди. Бийлик – түрмө менен, эл ыңкылап менен коркуткан заман болду. Ак үйдүн СССРден калган күчү менен сүрү бар эле… бүгүн аны түз эле атканага теңеп сөгүнчү болдук. Каратаман калк ак үй менен аянттын ортосунан чындыкты ажыраткандан, издегенден адашты. Чарчадык, тажадык деген байкуш элдин ого бетер алты айласын кетирди: ак үй менен аянттын “чоңдору”. Кызыкчылыктын жана саясий кумардын апогейине жеткенде “Калайык, Ата-Мекен коркунучта!!!” деп жар салышты. Бийлик, эки ыңкылапты көргөн бийлик – жакаңды карматып кечээки мурдунун учундагы катаны кайталагандан тажабады. Ажо, эки ыңкылап жасадым деген ажо – бир үмүт шамын жагалбай, башкаруу жолун табалбай койду. Ыңкылаптын маани-маңызы бузулду. Ыңкылап ал болгону өчөшкөн саясатчылардын бири-биринен өч алышкан күрөшүнө айланып барат… Аянттын айрым жасалма ораторлору дагы эле болсо “сен от жүрөк” деп жаштарды далыга таптап окко айдоого даяр турушат. Ыңкылап үчүн кан төгүү бул “өлгөндүн өз шору” деген арман болоорун биздин турмуш ырастады. Кайдыгерлик жаман бирок бүгүнкүдөй сая­сий кыл чайнашта бир жагына от бүркпөй, ынтымак менен сабырга үндөгөн тарабында көбүрөөк болсок экен! Элдер, саясат менен бийликке – “бир келген дүйнөдө деп, атасынын көрү деп, мен да татып көрөйүн”, “мен да элден калбайын”- деген принципти адат кылып келгендей сезилет. Элге деңгээл менен эмес, саясий жана адистик билим менен эмес башка жол менен, “сыйлоо” ме­нен кызмат кылуу амалдуу ыкмага айланды. Интеллигенция

деген уюткуну кеп кылуудан калдык. Анткени ал деңгээлде биз жукардык. Ишенген кожолор бир тараптуу сүйлөп жулкунуп чыккан мүнөттө ишенимден чийилчү болду. “… Алды, артыңдан тал кармаар “ учур келди. Элге бүгүн улуу кептен улап, Манастап ураандасак таасирдүүбү же мечитке жыйнап такыбалар насаат айтса жакшы сиңеби, билбей калдык. Не дегенде Кыргыз эли башынан кечирген эреже салт, философиябыз да, тутунган динибиз да бизди бириктирбей келет. Биз батышты карайбызбы же чыгыштыбы, кай жагы болсун баарынын бир эле сыры бар экенин ал – мыйзам экенин унуттук. Өнүгүүнүн он түркүн системасы болгон менен жандырмагы – мыйзамын кастарлап, сыйлоодо экенин эстен чыгардык. Мамлекетке салыкты келесоолор төлөй берсин деген “кыйындыгыбыздан” арыла элекпиз. Демократия дейбиз. Ар демократиянын өз чындыгы бар. Өз кан-жанынан, тарыхынан чыккан чындыгы бар. Биздин тарых Европа менен Америкада өткөн эмес. Биздин демократиябыз ар коктудан келип кепке келише алганыбыз, аксакал экен деп төргө өткөзө алганыбыз, ич күйсө да эринди тиштеп эпке келгенибиз ошол биздин де­мократия. Эзелкинин эрежесинен чыкпай, ичкен касамынан коркконубуз ошол биздин – демократия. Качан бул касиетибиз сакталып турса – де­мократияны демократия дебей манасыя дейсиңби, ханасыйа деп коёсуңбу анын айырмасы жок. Демократия бул күндө жашооңду аралап, тирилигиңди түзүп турушу керек. Ал колуна кармалып, тишке салсаң чайналып тургандай кан болуп денебизде айланышы керек. Кыргызга жаман көрүнүштүн баары Батыштан, Европа менен Америкадан келген дейбиз. Бирок каргаша болуп башка иш түшсө бүт чындыкты, адилеттикти ошол жактан издейбиз. А адилеттүүлүк – гумандуулук менен ыймандуулук бар жерде болот. Биз адилеттүүлүк түзө албаган өлкөдө жашайбыз. Батыш бүгүн согуш болуп атат деп Жакынкы Чыгыштан, ачкачылык болуп атат деп Африкадан агылган жүз миңдеген качкындарды жайгарып, үй- жай берип багуу менен алек. А биз кыргыздар, башканы кой, тажик менен афгандык кыргыздарды кой “түштүктөн кел­ген кыргыздар” деп жеришип отурабыз. Болбосо, “курама кылып – журт кылган” ал – башкадан мурда биздин сапат болушу керек эле.

“Ар бир революция таарыныч менен башталып таарыныч менен бүтөт” дейт. Элге бүлүк салып ыңкылап кылаарын кылып алып кайра бурч-бурчтан таарынгандар чогулуп аягы жок айлампага түшпөсөк экен. Дүйнө коомчулугун мындай коёлу мобуреки коңшу өзбек менен казак туугандарга күлкү болбосок экен. Дүйнө картасында кыргызга сабак болчу сыйкырдуу сандар турат, ал: 30 миллионго чукул уйгур менен 50 миллион күрд элинин чийилген картасы, эш туткан өлкөсү жок экендиги. Бул чыркыраган чындык. Эмесе, Кыргызды кудай бүтүн кылсын аруулайын Ала-тоосунда.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *