Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Митингге Кайрат Примбердиев, Бакыт Байсариев жана Улукманапо келишти
Саясат

Митингге Кайрат Примбердиев, Бакыт Байсариев жана Улукманапо келишти

Бүгүн, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында кечээ, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүп жатат. Учурда нааразычылык акциясына болжол менен 3000-5000 адам катышууда.

Нааразычылык акциясына кыргыз жылдыздары дагы келишти, алардын арасында ырчы Кайрат Примбердиев, шоумен Бакыт Байсариев жана рэпер Улук Манапо бар. Калган жылдыздар митингден сүрөттөрдү жарыялай элек.

Бүгүн саат 11: 00дө аянтка “Социал-демократтар” партиясы чыгып, саат 12:00дө аларга “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ордо”, “Мекен Ынтымагы” жана “Ыйман Нуру” партиялары кошулду. Саат 14:00дө Опера жана балет театрынын жанына “Республика”, “Ата-Мекен”, “Бир бол” жана “Замандаш” партияларынын өкүлдөрү чогулушту, алар болжол менен эки саат мурун аянттагы митингчилерге кошулушту.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт