ММК: АКШ айдагы кендерди казып алуу долбоорун даярдоодо

Дональд Трамптын администрациясы айдагы казылып алына турган кендер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдүн жаңы проектисин даярдоодо. Сүйлөшүүгө бир канча мамлекеттер тартылгандыгын жана баштапкы этапта Россия Федерациясынын катышпай тургандыгын Рейтер даярдалып жаткан документ менен тааныш булактарга шилтеме кылуу менен билдирди.

Агенттиктин билдирүүсү боюнча Artemis Accords аталыштагы макулдашуу “бул тармакка жакын иш алып барган мамлекеттердин, компаниялардын кийлигишүүсүнүн жана зыян тийгизүүсүнүн алдын алуу максатында айдагы базалардын айланасында”коопсуздук айланасы” түзүлүүсү мүмкүн. Мындан тышкары бул документ айдан табылга алуу боюнча ресурстарды ишке ашырган компаниялар бул табылганын жеке менчик ээси болуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Жакынкы жумаларда АКШнын атайын өкүлдөрү Канада, Япония, ЕС жана БАЭ менен макулдашуу тууралуу официалдуу талкуу жүргүзүүнү пландоодо. Бул мамлекеттердин катарында Россия болбойт, анын себеби, агентствонун маалымат булактары билдиргендей, россиялык спутниктердин кооптуу кыймылынан улам Пентагон Москваны достук мамиледе деп эсептебегенине байланыштуу дешет.

Дагы бир маалымат булактары сөз кайсы бир аймактык чектер тууралуу эмес экендигин айтып, “бул идеянын мааниси бирөө иш алып барып жаткан аймакка жакындап жатсаңар, алар анын айланасында коопсуздук зонасын орноткон болсо, анда силер алар менен алдын ала байланышып, кантип эч кимге зыян келтирбестен бул нерсени ишке ашырууга болоору тууралуу консультация алууңар зарыл экендигинде”,- деп билдиришет .

НАСА өткөн жылы Artemis аттуу 3 этаптан турган айдагы табылгалар тууралуу проектти жарыялаган. Программанын акыркы этабы айга астронавттарды кондурууну кароодо.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *