Молдомуса Коңгайтиевге 2010-жылы апрелде козголгон кылмыш иши жалаа катары жабылды

КР УКМКсы экс-ички иштер министри, генерал Молдомуса Коңгайтиевге каршы 2010-жылы апрелде козголгон кылмыш ишин “кылмыш курамы жок”  деген негиз менен 18-июнда жапты. Бул тууралу бүгүн, 5-июлда Молдомуса Коңгайтиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирүү таратты.

2010-жылы 7-апрелде болуп өткөн куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин төңкөрүшчүлөр экс-Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиев 6-апрелде журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп: “Таластагы митингдер көзөмөлдө турат. Мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөт” деген сөзү менен Таласта элге каршы курал колдонууга себепчи болгон” деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Бирок 8 жылдан бери ал жалааны далилдей алышпай айласы кетип, акыры бийлик алмашканда УКМК “айып негизсиз, Молдомуса Коңгайтиевдин ал кездеги кыймыл аракеттеринде кылмыш курамы жок” деп мурунку бетпак бийлик жапкан жалааны четке кагып, кылмыш ишин жапты.

Ушундай эле жалаа менен 7-апрелде жүздөгөн адамдар жалгыз Молдомуса Коңгайтиевди сабашып, аны алигиче эрдик катары айтып жүрүшкөндөр бар. Билгендердин айтымында жашынан спорт менен шугулданып. чымыр денелүү болуп өскөн Молдомуса Коңгайтиев бир-эки кишиге оңой менен алдыра койбойт болчу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *