Видео – Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынын үч кызматкеринен коронавирус табылды

“Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 3 кызматкерден коронавирус аныкталды” – деп билдирди бүгүн, 20-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында үч кызматкерден коронавирус аныкталды. Алар менен байланышта болгон адамдардан анализдер алынды” – деди Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин, Нурболот Үсөнбаев брифингде ЖАМКнын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *