Москва олимпиадасына 40 жыл: чемпион Александр Блинов

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү  “Турар” басмасында басылып жатат.

Мындан 40 жыл мурда ушул күндөрү Москва олимпиадасынын ат спорту боюнча мелдештер курч мүнөздө өтүп жаткан учур эле. Кыргызстандык чабандес Александр Блинов “Глазун” аргымагы менен тоскоолдуктардан секирүү мелдештеринде командалык эсепте олимпиада чемпиону болуп, жеке өнөр көрсөтүүдө күмүш медаль тагынган.  Учурда Москва шаарында жашап, иштеп жаткан олимпиада чемпионубуз Александр тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары жакшы билишпейт. Ошондуктан бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн даңазалуу чабандес, олимпиада чемпиону Александр Блинов тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Олимпиада чемпиону, чабандес Александр Блинов

Жылкы баласына, тулпарга, аргымакка суктанбаган жан болбосо керек. Анын бири Москва олимпиадасынын чемпиону Александр Блинов бала чагынан эле жылкыга ынак болуп, ат жалында чоңойгон. Анын курбулары азыркы заман техниканын доору дешип, Александрдын ат спорту менен машыгууга дилгирлигин угуп, учурунда шылдыңга да алышкан. «Жылкынын тезегин жыттап, терин сүртүп жүрө бер,- дешип мурундарын чүйрүп, жактырышкан эмес. Сашанын ат ойнотуп, күлүк минүүгө дилгирлигин «Кармалбас өч алуучулар» аттуу көркөм тасманы көргөндөн кийин күчөп, алардай аттын жалы менен тең ойногусу келип, бардык жарыштарда озуп келүүнү самап калган эле. Бир күнү классташтары менен мектептен келатып, Фрунзе (Бишкек) шаарынын борбордук көчөлөрүндө келишимдүү аргымактарды минген кооз кийинген жигиттерди көрүп, ат спорту менен машыгуу ышкысы ого бетер күчөгөн.  Ошентип Саша Бишкектеги ат спортуна ийримге жазылып, машыгууну максат кылып келген. Аны даңазалуу устат Сайботтал Мурсалимов жылуу кабыл алып, «карачы балакай, кандай көркөм, келишимдүү аргымактар. Бул жерде машыгууну каалайсыңбы?-деп айлампада тегеренип чуркап жүргөн күлүктөрдү көрсөткөн.

-Ооба, кайсы тулпарды минсем болот, -деп Саша дароо шашып жооп узаткан.

-Алгач буларды тейлеп, бакканды үйрөнүү керек. Анан гана минүүнү ойлоо зарыл,- деп устат Сашаны сынай карайт.

-Андай болсо макул, -деп Саша ишенимдүү жооп берип, аткананы көздөй басат. Бул жеткинчектин чечкиндүүлүгүн байкаган устат ыраазы болуп, аткананы кантип тазалоо керектигин, жем-чөбүн кайдан алып, канча өлчөмдө салуунун зарылдыгын, тулпарлардын терин сүртүп, алдын тазалап,  аларга сүйүү менен мамиле кылуу керектигин айтып түшүндүрөт. Саша бир жылга чукул республикалык от спорту мектебинин манежине келип, аткананы тазалап, жем-чөбүн салып, тулпарлардын терин сүртүп, жетелеп, түйшүк тартып жүрдү. Дасыккан устат Сайботтал Мурсалимов анын бардык аракетин байкап,башка балдар сыяктуу качан тажап кетип калаар экен деп байкоо салды. Бирок, Саша бош убакытысын ат спорту мектебинде өткөрүп, чабандестерге кол кабыш кылып жүрө берди. Анын чыдамкайлыгын, сабырдуулугун баалаган Сайботтал Хабибулович бир күнү Сашаны чакырып, аргымакты минүүгө уруксаат бергендеги, баланын кубанычы айтып бүткүс эле. Ошентип кичинекей чабандес алгач текирең-таскактатып, анан желдирип, атка минүүнүн сырларын үйрөнө баштады. Бош убактысында дароо ат спорту мектебине жүгүрүп келип, машыгуудан тажабады. Анан жапызыраак тоскоолдуктардан секирте баштады. Капыстан эле тоскоолдуктар, каршылыктар пайда болду. Бул анын ата-энелеринин Сашанын ат спорту менен машыгуусуна караманча каршы болгону эле. –Ат минүү да кесип бекен. Керээли кечке сасыган атканада жүрөсүң. Бир кесиптин ээси болсоң боло,-дешип, анын ой боюуна койбой, документтерин кесиптик-техникалык окуу жайга тапшырып, ат спорту менен машыгуусуна тыюу салып коюшту. Ал окуу жайда деле мойнунан байлаган иттей болуп, илең-салаң жүрдү. Бош убактысы болоору менен ат спорт мектебине ашыгат. Анан окуу жайга кеттим деп ата-энесин алдап, ат спорту мектебинде жүрүп, окуудан да чыгып калды. Жарым жылдан кийин ат спорту мектебине чабандес болуп орношуп, тагдырын ушул спорт түрүнө биротоло арнады. Ата-энеси да көк бет, өжөр уулунун кылык-жоругуна аргасыз макул болушту.

Он беш жаштагы Саша аттын кулагы менен тең ойноп, тынбай машыгып жүрдү. Жыл өткөн сайын өзүнүн жан-дүйнөсүнө жакын аргымагын издей баштады. Өзү менен бир тилектеги, бири-бирин түшүнгөн аргымагын таппайынча чабандес ийгиликке жетүүсү күмөн. Көңүлүнө толгон тулпарын таба албай, убара болуп изденди. Аны устаты Сайботтал Мурсалимов да байкап жүргөн эле. Ал дагы асыл тукум жылкы чарбаларынан Сашага ылайыктуу аргымак караштыра баштады. Ал жылкынын тукумун, сырын беш колундай билген чыгаан устат эле. «Глазун» аттуу кунанды көрүп, спорттун азыркы беш түрү боюнча адистерге сунуштаган.

–Абдан деле күчтүү жылкы эмес, бирок табына келсе мыкты аргымак болот,-деп устаты  «Глазунду» Сашага табыштады. Себеби, спорттун азыркы беш түрүнөн да ат ойнотуу мелдештерине алар чогуу даярдык көрүшөөр эле.

Глазун маңдайы жарык, жылдызы жанып турган жаныбар. Күн өткөн сайын табына келип, куйрук жалы кулпуруп, күч-кубатка толуп, тоскоолдуктарды коркпой-үрпөй чапчаң секирип, Сашанын сүйүктүү аргымагына айланып баратты. Оттон суудан кайра тартпаган тулпар болоорун дасыккан устат баамдады. Чабандес менен аргымак бир гармонияга бүтүндүккө айланганда, бирин бири түшүнгөндө, тил табышканда гана ийгилик жаралат. Же экөөндө эки башка өзгөчөлөнгөн, бирин бири толуктаган сапаттар болушу ажеп. Глазун бет алганынан кайтпаган өжөр, ээ жаа бербеген чалпоо аргымак болсо, Сашанын мүнөзү абдан сабырдуу, токтоо, салкын кандуу, туура чечим чыгара билген улан. Тобокелге баш байлаганда дагы баарын эсепке алганды, баамдаганды билчү. Кандай гана аргымак болсун, бат эле  тилин таап, ынак болуп кетчү. Мындай сапат ар кимде деле болбосо керек. Өжөр, чалпоо Глазун дагы күн өткөн сайын жаңы кожоюндун ыгына көнүп, тоскоодуктардан так, таза секирип, ийгиликтерди жарата башташты.  1977-жылы Киев шаарында бүткүл союздук жаштардын  ат оюндары мелдешине аттанмак болушту. Украинанын борбор шаарында аргымактарды поезд менен алып барышмак. Ат жандуу Саша да поезд менен Глазундун жанында барууну чечти. Поезддин шарак-шурагынан Глазун үркүп, тыбырчылап, албууттана секирип, ушунун баарын сен кылып жатасың дегендей Сашага жулунуп, ачуусу менен анын тизесин жулка тиштеп алса болобу?!  Саша олуттуу жаракат алып, жарым жыл ооруканада дарыланып жүрүп, анан айыгып чыккан. Сашадан башка бирөө болгондо атты башка көзгө койгулап, өчүн алып, жинин аргымактан чыгармак. Саша  айбанга, жаныбарга теңелген андай адамдардан эмес эле. Ал абдан кечиримдүү, боорукер жан. Эстүү жаныбар эмеспи Глазун дагы өз күнөөсүн сезип калгандай бир аз айдан кийин ийгиликтерди жаратып, адистердин көңүлүн бура башташты. Алгач Польшадагы эл аралык мелдеште, андан кийин СССР элдеринин VII Спартакиадасында байгелүү орундарды ээлеп, СССРдин тандалма командасына чакыруу алышты. Экөөнүн спорттук жолу шыр кетпей, Москва олимпиадасынын алдында 1979-жылы Европа чемпионатында, СССР элдеринин спартакиадасында байгелүү орундарга илинбей, шабайлары сууп калышты. Тажрыйбалуу устаттар, саяпкерлер Александр Блиновдун келечегине ишеним артып, Глазун менен ийгиликтерди багынтаарына үмүттөнүп, техникалык чеберчилигин, аргымактын тилин таба билгенин эске алышып, олипиадалык командага кошуу чечимин аванс менен кабыл алышты. Чынында кыраакы адистер жаңылган эмес экен.

1980-жылкы ХХII Олимпиадалык оюндарда кыргызстандык ат спортунун өкүлү Александр Блиновдун да багы ачылып, олимпиадалык алтын медаль тагынды. Мелдеш кандай шартта, кырдаалда өткөнүн ирээти менен баяндап берейин.

Ошентип ал Москва олимпиадасынын мелдештеринде «Глазун» аргымагы менен ат спортунун үч түрү боюнча мөрөй талашты. Ат спортунда жеке жана командалык байге ыйгарылып, упай топтолот. Манеждеги ат ойнотуу мелдешинде Александр Блинов тулпары “Галзун” менен араң 18 орунга ээ болгон. Андан үмүт деле кылбай калышкан. Глазун дагы ат спортунун бул түрүн анча жактырчу эмес.

Экинчи тур мелдештери өтө татаал шартта өтүп жатты. Себеби, жамгыр катуу жаагандыктан Битцевский токой-паркындагы трасса ылай-баткакка айланып, ат менен өнөр көрсөтүү кыйынга турду. Өзгөчө ат секирүүчү тоскоолдуктардын эки жагы тең тайгалак болгону, атчандар үчүн кооптуу эле. Анан калса 33 тоскоолдуктан өтүү керек. Ушул мелдештер өтө жооптуу экенин жылкы жаныбар да туюп тургандай. Ал дагы намыстанып, өжөрлүк менен чабандес экөө бир бүтүндүккө айланып баратты. Мына ушундай катаал шарттарда Александр Блинов менен «Глазун» чеберчилигин, жөн билгилиги менен эркин көрсөтүшүп, экинчи орунга ээ болгону кубандырды. Биринчи орунда италиялык Ф.Роман келатты.

Үчүнчү тур – чечүүчү мелдеш болчу. Түн ичинде «Глазун» дагы эс алып, куйрук жалы сеңселип, жарышка даяр турганы Сашаны сүйүндүрдү. Мойнунан кучактап, жалынан сылап, маңдайынан өөп, «бүгүн  эң чечүүчү таймаштар алдыда турат. Мен сага ишенем, жаныбарым. Намысты колдон чыгарбайлы»- деп манежди беттеп баратты.  Мында Александр “Галзун” күлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, 15 тоскоолдуктарды таамай, так секирип өтүп, 120,8 упайга ээ болду. Ошентип, кыргызстандык Александр Блинов жеке таймашка – күмүш медалдын ээси болсо, командалык эсепте СССРдин курама командасынын намысын талашканы үчүн тарыхта биринчи жолу чемпиондук алтын медаль ыйгарылды. СССРдин тандалма командасы ат спортунун үч түрү боюнча алгачкы алтын байгелүү болушуна Саша менен Глазундун салымы тоодой эле.

   

   

   

Александрга ат спортунун сырын үйрөткөн устаты, Кыргызстандын биринчи олимпиадачысы Сайботтал Мурсалимов. Ал дагы “Галзун” арымагын олимпиадалык мөрөй талашууга даярдоодо саяпкердик өнөрүн көрсөтүп, көп эмгек жумшаган. Александр Блиновго «СССР спортунун эмгек сиңирген чебери» деген, анын устаты Сайботтал Мурсалимовго «СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу» деген ардак наамдар ыйгарылган. Экөө тең «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Дагы бир чындыкты айта кетүү ыңайы келип турат.  Даңазалуу саяпкер Сайботтал Мурсалимов олимпиадалык оюндардын алдында Глазунду Александр Блиновдон алып, кол ийрисине тартат дегендей өзүнүн уулу Марат Мурсалимовго берип, мелдештерге катыштыра баштаган. Анын бул жоругун жылкы жаныбар дагы сезип, 1979-жылы Голландиядагы эл аралык мелдеште Марат жыгылып, ийнин сындырып алгандан кийин гана аргасыздан “Галзунду” кайра Александр Блиновго беришкен. Эгерде Мараттын ийни сынбаса, балким Москва олимпиадасында Глазунду минип, мелдешке катышып калышы ажеп эмес эле. Бирок, ал  олимпиадалык бийиктикти багынта алат беле, аны айтуу кыйын.

1980-жылкы олимпиадалык оюндарган кийин Александр Москвада жашап, ат спорту менен машыгуусун улантып, Россия федерациясынын намысын коргоп калган. Андан кийин устат, саяпкер болуп иштеди. Кийин чет өлкөлөрдө да келишим менен иштеп жүрдү. Учурда багын ачкан акжолтой Москва шаарында жашайт.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Николай Чернецкий тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө олимпиаданын  коло байге ээлери  Сатымкул Жуманазаров жана Александр Абушахмедов, олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат)  

Кабыл Макешов,  КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *