
Өткөн аптада, 5-март күнү Москва шаарында кыргызстандык кыз 9-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары журналисттерге кабарлады.
Алардын берген маалыматы боюнча маркум 18 жашта болгон. Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда туулуп өскөн.
Туугандарынын айтымы боюнча, маркум былтыр апрель айында жашоо шарттын айынан Москвага иштеп келүү үчүн кеткен.
“Ал жакта анын эжеси бар болчу. Нуриза ал жакта фитнес- клубта иштечү. Үй бүлөөдө ал төрт биртууган болчу. Нуриза абдан сулуу болгондуктан, биз аны модель болот деп ойлочубуз. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча ал 9-кабаттан кулап кетиптир, бирок биз чын эле ошондой болгонуна ишенбей турабыз. Ата- энесине дароо айтышкан эмес. Бул жөнүндө уккан эжеси ооруканага жатып калган. Эртең сөөктү үйүнө жөнөтүшөт”, – деп билдиришкен жакын туугандары.
Ой-пикир жок