Москвада 50 жаштагы кыргыз жараны жолдо баратып жүрөгү токтоп каза болду

Москвада 50 жаштагы кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диоспарасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 28-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1968-жылы туулган Х.М Москва облусунун Руза шаарында жумушуна бара жатып жолдо жүрөгү токтоп каза болгон. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Сөөк бүгүн 29-октябрда жөнөтүлөт.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *