Москвада иштеген Ош-такси

Facebook-та ушундай сүрөт пайда болду. Яндакс-таксиде иштеген кыргыз боордошубуз ушинтип шакшисине “Ош” деп жазып алган. Машиненин номурлары Москва облусуна тиешелүү. Чындыгында мындай шашкилер жаңылык деле эмес. Кыргыз айдоочулар дайыма өз жерлеринин аттарын жазып алышат экен. Машинесине кыргыздын туусун, кыргыз гербин түшүрүп алгандар да жок эмес. Бул үчүн эч кандай айып пул салынбай, тыюу да жок.

Эскерте кетсек, азыр Москвада “Легалсыз мигрант” деген операция жүрүүдө. Кыргызстандык такситтер өзгөчө текшерилүүдө, кичине эле мыйзам бузулса, депорт кылып коюшат. Москвадагы такситтер мунун Андрей Малахов менен болгон чуудан көрүшөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *