Москвада кыргызстандык таксист эки адамды коюп кеткен

Москва шаарынын полициясы тарабынан такси айдаган кыргызстандык жаран кармалган. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда, Москва шаарынын Тынчтык проспектисинде таксинин айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан эки адамды, апасы менен баланы сүзүп кеткен. Окуя Тынчтык проспектисиндеги №11 үйдүн районунда болгон. Hyndai Solaris үлгүсүндөгү унааны айдап баратып, таксист апасын жана 6 жашар баланы коюп кеткен.

Натыйжасында жабыркагандар ооруканага жеткирилген, ал эми айдоочуга карата кылмыш иши козголгон.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *