Москвада кыргызстандык таксист жүргүнчүнүн уюлдук телефонунан өзүнө 13 миң 300 сом которуп алган

Москвада уурулукка шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Россиянын маалымат каражаттары милициядагы булактарына таянып кабарлашты.

Парагвайдын тургуну 10-августта укук коргоо органдарына кайрылган. Анын айтымында, ал такси кызматына акыны банк тиркемеси аркылуу төлөгүсү келген, бирок айдоочу андан уюлдук телефонун алып, жол кирени өзү которуп аларын айткан. Ошентип, ал өзүнө 13 миң 300 сом которуп алган.

Милиция Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (“Уурдоо”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүү жаран кармалган. Ал 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Жигит кылмышын мойнуна алган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *