Москвада өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаев кармалды

Москвада өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Алишер Абдрахманов журналисттерге өзү тастыктады.

Анын айтымында, уулу Азиздин шектелип жаткан алдамчылык фактыларына байланышы бар экендиги тастыкталса, анда ал кийлигишпейт – мыйзам баарына бирдей.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Азиз Орозбаев мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *