Москвада участкалык полиция кызматкерлери “кыргыздарга каршы согуш” жарыялаштыбы?

Бул тууралуу укук коргоочу Валентина Чупик өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын маалыматына ылайык, Москванын Тверь районунда “участкалык полиция кызматкерлери батирлерди кыдырып, эшиктерди каккылап, “Кыргыздар, колго түштүңөр!” деп кыйкырып жүрүшөт дейт. Кимиси эшик ачса, подъезддин алдына чогултуп, азыр депортация кыларын айтып коркутуп жатышыптыр.

Кээ бир маалыматтар боюнча, Перунов чолок көчөсүнүн №4 үйүнөн полиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жарандары М.Р.Каримкулов, Перизат Бакытбек кызы, Э.А. Исаев, Азиз Нурбек уулу жана дагы 13 кишини камакка алышкан.

Ушуга байланыштуу Валентина Чупик Орусияда эмгектенген кыргызстандыктарга кайрылып, камакка алынышса, түз эле Орусиянын укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылууга чакырууда, ошондой эле “кыргыздарга согуш жарыялаган полиция кызматкеринин экстремисттик багыттагы кылмыштары жөнүндө” укук коргоочуга маалымдап турууну суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *