Москва полициясынын генерал-майорунун унаасы кыргызстандык жаранды сүзүп кеткен

Кечээ, 18-октябрда Москва шаарынын  полициясынын генерал-майору Юрий Девяткин бараткан унаа  Кыргызстандык 23 жаштагы баланы сүзүп кеткен.  Рулда генерал-майордун 33 жаштагы айдоочусу болгон. Окуядан кыргызстандык жарандын мээси чайкалып, чекеси жаракат алган. Ал №1-ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары жазып чыкты.

Аварияда кыргызстандык жаран күнөөлү деп табылышы мүмкүн. Анткени, ал досу экөө, атайын өтчүү жайдан (зебрадан) эмес, андан 150 метр алыстыктагы жерден ары тарапка  өтмөкчү болгон. Демек, жол кыймыл эрежелерин бузган болуп саналат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *