Москванын убактылуу камагында 51 кыргызстандык бар

Орусиядагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлери Россиянын ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча чет өлкөлук жарандарды убактылуу кармоочу борборун (ЦВСИГ) анда кармалып жатышкан Кыргыз жарандарынын ал-акыбалын билүү максатында барып көрүштү.

Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу Борбордун начальнигинин орун басары И.С.Глинов Кыргыз жарандары үчүн жооптуу кызматкерлер менен жолугушууда бул жерде Кыргызстандын 51 жараны бар экендигин, булардын ичинен 17си текшерүү маалында үйлөрүнө бошотулгандыгын такстыктады. Айтмакчы, азыркы кезде Борбордо чет өлкөлүк жарандарды кармоо орточо 20 күндүн тегерегинде созулат. Ошондой эле И.Глинов кармалган жарандар үчүн түзүлгөн медициналык, тамак-аш менен камсыз кылуу шарттары тууралуу дагы кецири айтып берди. Борбордогу чет өлкөлүк жарандардын тамак-ашынын рационуна эт, балыктан жасалган, эртең  мененки тамагына дан өсүмдүктөрүнөн жасалган тамактар кирет. Ар бир камерада көлөмүнө жараша экиден онго чейин киши жашап, ошол жерде тамактана турушкандыгы жана атайын белгиленген учурларда мончого жуунууга, ошондой эле сейилдөөгө алып чыгарыла тургандыгы айтылды.

Ошондой эле Борбордо кармалып жаткан Кыргыз жарандары менен кецири жолугушуу жүрүп, шарттары, тартиптери жана келген өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын сактоо, документтердин таризделиши, жаза акыларынын салынышы, төлөнүшү жана каттоого туруу сыяктуу көптөгөн маселелер ачык талкууланды. Кыргыз жарандары берилген суроолордун баарына жеринде канаатандыраарлык жооп алышты. Жолугушуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүрдү.

Баса, Кыргыз жарандары тарабынан аталган борбордун шарттары тууралуу арыз-даттануулар дээрлик айтылган жок. Ошол эле учурда борбордо кармалып жаткан жарандар менен тыгыз байланышта болуп жаткандыгы үчүн Кыргыз Элчилигинин дарегине карата жылуу сөздөр гана айтылды.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *